"Кыргызстан" партиясынын БШКга талапкерлеринин тизмесин тапшырууда кечигип калганы бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынын өткөрүүгө себеп болуп турат. Коомчулукту партиянын тизме тапшырууга саналуу мүнөт кечигип калганы ар түрдүү кабыл алынды. Айрымдары эки-үч мүнөн тагдыр чечпей турганын белгилешсе, калгандары ушундай катачылык үчүн бийликтин партиясынын шайлоодон четтеп калышына ишенбестигин билдиришти. Алардын арасында "Кыргызстандын" артында бир нече жүздөгөн электораты бардыгын эске алышып, партияны жарыштан чыгаруу ошончо жүздөгөн жарандардын укугун бузуу деп чыккандары да болду. 

Кыргыздык кенебестигибиз менен "мүнөт тагдыр чечпейт" дегенибиз менен "Кыргызстан" партиясы бир гана тизмени убагында тапшырууну аткара албай калбай, андан башка да мыйзам бузууларга жол бергени айтылып жатат. Айрым маалыматтарга караганда, партия болгону 50 гана талапкердин тизмеси жазылган документ алып барган. Карамагында бир эмес, он тизме түзүүгө жете турчу убакыт болгонуна карабастан, документти эң акыркы күндүн эң акыркы саатында жеткиргенине карабастан, мыйзамда көрсөтүлгөн 75 талапкерди тактай алган эмес. Ошондой эле, ал тизмени териштире келгенде көп талапкер өзүнүн макулдугусуз эле партия жетекчилигинин жеке чечими менен жазылып калган. Тагыраак айтканда, тизмеленген аты-жөндөрдүн арасында өзүнүн депутатыкка талапкер болуп калганынан кабарсыз жарандарды да табууга болот. Медиа эксперт Шаирбек Маматокторов мыйзамдуулукка ык салган өлкөдө бир мүнөттүк кечигүү да тагдырдын чечилишине себеп болот деп эсептейт. 

"Чындыгында, бир мүнөт кечиксе да, мыйзам бузуу болуп эсептелинет. Бирок, андан сырткары да партиянын аракеттеринде кемчиликтер бар экен. Мисалы, аталган партия болгону 50 эле талапкердин тизмесин беришкен. Мыйзамдын талабы - 75тен кем эмес деп турат. Ал эми ошол 75 адамдын тизмеси да квоталарды эске алып түзүлүшү керек. Андан башка  партиялык съездде аты аталбаган адамдардын пайда болуп калгандыгы да мыйзам бузуу. Ал эми БШК мыйзамдуу чечим кабыл алгандыгы жөнүндө айтсам, бул чеимди Боршайком чындыгында коомчулуктун басымынын негизинде гана кабыл алды. Эгерде, жарандык коом мынчалык көзөмөл жүргүзгөндө, мурдагыдай эле жең ичинен бүтүрүп коюшмак. Анан үстүнө, БШК мен жогоруда атаган кемчиликтерди эмес, бир аз "жеңил" мыйзам бузууну негиз кылып чечим чыгарганы шек жаратып турат. Себеби, андай себеп менен шайлоодон четтетилбейт деп сот чечим кабыл алып коюшу толук ыктымал. Бирок, азыр бирдеме деп айтууга эрте. Себеби, алар сотко кайрылышты. Соттун чечимин күтөлү. Ошого жараша аракет кылабыз", - деди Маматокторов. 

Парламенттик шайлоо өзүнүн оюндары менен өзгөчө. Ар бир жолку чакырылышты тандап алууда коомчулукту окуяга бай күндөр күтөт. Бирок бул жолкудай эмес эле. Адегенде эле бийликчил делген партия кенебестигиби же шалаакылыгынбы айынан документин убагында тапшырууга жетишпей калды. Коомчулук бийликке ыктаган партия акыры соттон "жеңип" чыгаарына, мыйзам дагы бир жолу ыйлаган бойдон кала берээрине ишенип турат. БШКнын партиянын аракетине арналган бүгүнкү жыйыны эле буга чекит койбойт. Андан кийин сот да турат. Анткени, "Кыргызстан" кечигип келгенине башкаларды айыптап, сотко кайрылган. 

"Бийлик чындап эле адилеттүү шайлоо өткөрүп, элдин үнүн укса, анда бул чырга аралашып, сотко жана БШКга басым жасабашы керек", - деди Шаирбек Маматокторов. 

 Кандай болгондо да, бийликчил партиянын кенебестигин коомчулукка чыгарып БШК туура кадам жасады. Эмитен мыйзамды сыйлабай, өзүм билемдигин жасаган партия парламентке өткөндө чеке жылытпашы айдан ачык нерсе эмеспи. Жогору жактын көрсөтмөсү менен жарышка беттенип, алдыда тоскоолдук жок деп билчү башка партияларга да бул нерсе үлгү болсун.