БШКга документтерин кечигип тапшырганына байланыштуу айрым партиялар, партия лидерлери “Кыргызстан” партиясын шайлоо ѳнѳктүгүнѳн чыгарып салуу талабын коюшууда.

Бирок мындай талаптар канчалык коюлбасын, “Кыргызстандын” кылы кыйшайбай турганын ѳркүбүздѳй кѳрѳлү. Анткени, “Кыргызстан” жогорку бийликке керектүү, коалициялык кѳпчүлүктүн курамында болчу партия. Партиянын катарында жогору жактан кандай кѳрсѳтмѳ болсо, кыңк этпей аткарчулар чогулган.

“Кыргызстан” партиясынын оюндан чыгышы башка партиялардын кѳбүрѳѳк добуш алууларына гана шарт түзбѳсѳ, бийлик эч качан эртең күнкараманын ролун аткарчуларды шайлоого катыштырбай коё албайт. Антсе “Биримдик” жалгыз калып, эртеңки күндѳ кыйын болуп калбайбы…

Булак: “Майдан. kg” гезити