Бул тууралуу ЖК депутаты Дастан Бекешев айтып чыкты. Анын айтымында, салмактуу, парламентке өтүү мүмкүнчүлүгү жогору партиянын алдыңкы тизмесине кирүүнү каалагандар 300-500 миң доллардан бетип жатышат. Мыйзамга ылайык, ар бир талапкер партиянын фондуна 1,5 млн. сомдон ашык акча бербеши керек. Бирок эл өкүлүнүн айтымында, демөөрчүлөр бул нормаларды оңой эле айланып өтүшүүдө.

Партиялык тизмелердин алдыңкы сабындагылар бул акчаларды ар кандай жолдор менен адалдаштырууда. Алар бул акчаларды жеке тараптардын  жана  юридикалык жактардын аттарынан туугандары, жакындары аркылуу которушат. Ал эми бул акчаларды салгандарды эч ким текшере албайт. Болгону акчаны которгондор мамлекеттик кызматкер же ишкер болсо, алардын салыктык декларациялары аркылуу текшерип билсе болот.

Эл өкүлүнүн айтканында калет жок. Биздеги партиялардын шайлоо фондуларындагы акчалардын суммасы расмий түрдө башка болгону менен иш жүзүндө андан эселеп көптүк кылары, мындан сырткары, партиялык тизмеги кирүү үчүн да жүз миңдеген долларлар роль ойноп, ал акчалар шайлоонун үгүт иштерине сарпталгандан сырткары, партия лидерлеринин капчыктарын кампайтары эч ким тана алгыс чындык эмеспи.

Булак: “Майдан. kg” гезити