БШКнын "Кыргызстан" партиясын каттоого алуудан баш тартуусунун себеби мындай: "Тизмени партиянын ыйгарым укуктуу эмес мүчөсү тапшырды". Дароо эле айтайын, менин "Кыргызстанды" коргой турган оюм жок. Мага, катуу айтсам кечирим сурайм, бул партиянын ысык-суугу жок, бирок биздин Конституцияда биз укуктук мамлекетпиз деп жазылгандан кийин БШКнын чечими мыйзам негизинде болушу зарыл. А мыйзамда каттоого алуунун 7 себиби так жазылган, алардын биринде да "ыйгарым укуксуз мүчөсү тизмени тапшырды" деген себеп жок. Ооба, мыйзамдын 61-беренесинде шайлоо тууралуу БШКга документтерди ыйгарым укуктуу өкүл тапшырышы керек деп айтылат, бирок аны башка өкүлү жасаса, мындай абал каттоого алуудан баш тартууга өбөлгө болоору мыйзамда жазылбаган. Бул эреже бузуу, бирок партияны каттоого алуудан баш тартууга жеткирчү нерсе эмес. Ошондуктан БШКнын чечими мыйзамсыз жана аны жокко чыгаруу керек. 

Феликс Кулов