“Кыргызстан” партиясынын талапкерлер тизмесин БШКга тапшырууда саналуу мүнөттөргө кеч калып, анысы менен шайлоого катышуу укугунан ажырап калуу коркунучуна туш келгени коомчулукта ар түрдүү пикирлерди жаратты. Айрымдар кыргыздын кенебестик мүнөзүнө айып койсо, кээ бири бир – эки мүнөт эч нерсе чечпейт деп эсептешти. Ал турмак партиянын документи өз убагында Борбордук шайлоо комиссиясына жетпей калганынын себебин өз алдынча божомолдоп, “талапкер таппай калыптыр” деген маалыматтарды да тараткандар жок эмес. Коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев партиянын кечигип калганында табышмактуу жагдай бардыгын белгиледи.
“Кечинде бул жерде (ФБда) жазып жатышпады беле: "Саат 18.00дө Боршайкомдо башкы каалга жабылып, эч кимди киргизбей калды, бирок Социал-демократтар партиясы 18.01де келип, документтерин терезеден берип жиберишти", - деп. "Анан Улукбек Кочкоров келди, аны киргизбей коюшту", - деген фото-сүрөттөр да бар болчу.
Анан кантип "Кыргызстан" партиясы 18.01де кирип кетти? Коошпой турат ушул жер...
Менимче, бир топ партиялар, анын ичинде "Кыргызстан" дагы саат 18.00 болгончо (балким 2-3 мүнөт калганда) башкы каалгандан киришкен. Бирок, ичиндеги Коопсуздук кызматы турган тосмодон саат 18.00дө же бир мүнөт өткөндө ары карай киришкен. Катталып, киргенче убакыт өтөт. Териштирүүдө, талдоодо ушул жагдайды да эске алуу зарыл го дейм.
Шайлоо учурунда деле ошондой да, саат 20.00дө каалга жабылат, ага чейин шайлоо участкасынын ичине киргендерге добуш берүүгө мүмкүнчүлүк берилет, ошондо мыйзам боюнча добуш берүү 20.00дө бүтөт дегенине карабастан добуш берүү адатта кечки сегизден он-он беш мүнөт өткөнчө болот. Бул жерде деле ошол принцип иштеши мүмкүн. Ким саат 18.00гө чейин каалгадан кирүүгө үлгүрсө Боршайком документтерди кабыл алууга милдеттүү дегендей”, - деп жазды ал соцтармактагы баракчасына.
Ага удаа журналист Нургазы Мусаев да бул жагдай боюнча өз божомолун жарыялады. Ал эки-үч мүнөт тагдыр чечпей тургандыгын, жүз миңдеген тарапташтары бар “Кыргызстанды” саналуу мүнөт үчүн жарыштан чийип салуу туура эместигин айткан.
“Кыргызстан" партиянын артында да 100 миңдеген күйөрмандары турат.
"Кеңешип кескен бармак оорубайт". Бийлик өкүлдөрү, коомчулук, бардык күчтөр кеңешип, бир чечимге келүүсү керек.
Менин оюмча, "Кыргызстан" шайлоого киргизилиши абзел. Аламандан кимиси күчтүү болсо, ошол утуп келсин.
Тарыхыбызда ат жарыштын башында атты жыгып салган учурлар болгон. Бирок ошол жарыштардын бири да жакшылык менен аяктаган эмес.
Жалпы мамлекеттин бейпилдиги, саясий күчтөрдүн балансы үчүн "Кыргызстан" партиясы шайлоого кириш керек. Бабалар наркы ушундай. Эзели так болбогон кыргыз 2 мүнөт үчүн жүздөгөн өз жарандарын тизеге чапканы туура эмес болуп калат. Мунун аягы жакшы болбой калат.
БШК болсо толук курамы менен отставкага кетиш керек. Документти жасагандыгы үчүн”, - деди журналист.