"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын катарынан Темир Сариевдин чыгып кеткени маалым болгон. Ага чейин максаттары, багыттары, позициялары окшоштугун айткан саясатчылардын ортосунан кандай кара мышык чуркаганы белгисиз. Болбосо Адахан Мадумаров "Ак Шумкардын" лидерине талапкер тизмесиндеги алдыңкы орунду ыраа көргөнү ырас. 

Темир Сариев эмне себептен "Бүтүн Кыргызстандан" чыкканын ачыктаган жок, жөн гана парламенттик шайлоого катышуудан баш тартканын билдирди. Айрым маалымат каражаттары бул бөлүнүүнү каражат боюнча пикир келишпестикке байланыштырууда. 

Сариевден кийин эле "Бүткүл Кыргызстан жаштары" партиясынын лидери Чыңгыз Капаров дагы Мадумаров менен чогуу шайлоого баргандан кетенчиктеди. Ал дагы "Бүтүн Кыргызстандагы" талапкерлер тизмесинен чыкканын жарыялады. Бириге албай жатып, бөлүнүп башташкан бүтүн кыргызстанчылардын ынтымагы ыдырап калган окшойт.