"31-август Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк алган күнү, ар бирибиз үчүн ыйык майрам, 29 жылдыгын белгилейбиз. 4-октябрда шайлоо.

Шайлоонун шайтан оюндарында эгемендүүлүккө коркунуч жараткан жагдайлар да бар экенин унутпасак. Жириновский бекер кыйкырбайт - мурдагы СССРге кирген аймактарды кайтарып алыш керек деп.  Аны кыйкыртып аткан күч турат артында.  Кыргызстанды  кулагын кескен кул сыяктуу тактеке (марионетка) өлкө кылып алуу аракети катуу экени көрүнүп эле турбайбы.

Ушул жагдайды эстен чыгарбасак,  бийликке жетем деген кумарга мас болуп мамлекеттин көз карандысыздыгын соодалабасак деген эле кеп", - деп жазды Эмилбек Каптагаев Фейсбуктагы баракчасына.