"Азыркы кырдаалга толугу менен биз, эл күнөөлүүбүз", - деди жеке ишкер Жамалбек Ырсалиев "5-каналдагы" талкууда.
“Мал жандуу кыргызга жалпак тил менен түшүндүргөндө мындай, үйүрүңдө айгырды 25 жыл кармап жүрө бербейсиң, кочкорду, буканы деле маал маалы менен алмаштырасың. А биздин шайлоолордо баягынын эле баласы, баягынын кызы деген көрүнүш уланып келе жатат. Экинчи жагынан шайланам деп чуркап аткандардын арасында мыйзам деген эмне, мыйзам чыгаруу органы деген эмне экенин түк билбегендер бар. Алар эмне менен баратат, албетте акча чачып баратат, ал акчаны кайдан тапты – белгисиз, мейли эми кайдан тапканын тим коелу, маселе анда эмес, маселе- парламентке атын туура жаза албагандар баратат. Анан партиялардын баары жаштарды алдыга салып алганы менен, алардын артында баягы эле эскилер турат, аны жашырбообуз керек. Сулуусун, жашын, блогерин, ыктыярчы-волонтерун алдыга салып жатышат партиялар, чынында мунун баарында билинбеген көйгөй жатат. Легендарлуу парламент десе тамшанып, жакшы мааниде эскеребиз, а кийинки парламенттерди “ушундай да депутат бар бекен?” деп эскерчү болдук. Беш жыл бою депутат болуп туруп балыктай унчукпаган бойдон кеткени канча болду. А азыр мобу шайлоодо болсо балык болуп олтурмак турсун, добуш берүүдө кнопканы жөндөп баса албай тургандар келгени жатат, Сайдилла Нишанов деген депутат чуркап жүрүп көп кнопканы басып калууга үлгүрчү эмес беле, азыр кнопка басканга да жарабагандар келе жатат.. ”, -деди Ырсалиев.