- Жамин агай, Темир Сариев, Кубанычбек Исабековдор “Бүтүн Кыргызстан” партиясына кошулуптур. “Бүтүн Кыргызстан” күчтөнүп жатабы?

- Темир Сариев менен Кубанычбек Исабековдун “Бүтүн Кыргызстан” партиясына кошулуп кеткени - күчтөнүп, таасири артып кетет деп айта албайм. Мен билгени булардын кошулганынан партияда орчундуу деле өзгөрүү болбойт. Анткени, Темир Сариевдин саясий дарамети эбак эле өчкөн. “Ак шумкар” партиясы канчадан бери келатат. Бир да жолу шайлоодо жеңишке жеткен эмес. Эмнегедир Сариев чынын айтканда бул жолу саясий сойкучулукка барды. А дегенде “Ата Мекендин” желегинин алдында түзүлгөн “Жаңы дем” коалициясына кирди. Алар менен кучакташып, өбүшүп коюп бир айдан кийин ажырашып кетти. Ушундан кийин эле аны туруксуз деп жыйынтык чыгарсак болот. Чынында Сариевге “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын аброюнун кереги жок. Болгону “Бүтүн Кыргызстан” партиясынан депутат болуп калса, жок дегенде тизмеге ондуктун ичинде илинсем дегендин эле айласын кылып, өз кызыкчылыгын гана көздөп жатат. Азыр Сариевдин артында ээрчиген деле электораты деле жок. Кубанычбек Исабеков салабаттуу, билимдүү депутат болгон. Бирок, ал деле опол тоодой салым кошуп жиберет деп айта албайм. Анткени, депутат болуп турганда “Бакиев Кумтөрдө укмуштуудай элге пайда келген келишим түздү. Кыргыз эл баатыры кылалы” деген сунуш берген. Кумтөрдү казып, экологияны өлтүрдү. Алтынды ташып кетти, мөңгүлөрдү талкалап жатат деп отурсак, ушундай сунуш кылган. “Кумтөр” алган алтынды алсак, Кыргызстан жок дегенде 100 жыл коммунизмде жашамак. Кыскасы, анын да ушундай катачылыгы бар. Сыягы, Мадумаров жанына “бакиевчилерди” чогултуп жатат. Кокус президент болуп калса, анын саясатын улантып, Кыргызстанга Бакиевди алып келүүнүн аракетин көрөт. Анткени, Бакиевдин учурунда спикер болгон.

- Шайлоодо ийгилик оппозициялык партияларга оошу мүмкүнбү? Ошон үчүн саясатчылар оппозициялык партияларга ыктап жатышабы?

- Андай болушу мүмкүн эмес. Анткени, оппозиция бириге албай жатат. Ошон үчүн оомат келбейт. Азыр алардын биригүүгө да шайы жок. Эрки да жетпей жатат. Себеби, ар биринин амбициясы күчтүү. Ар бири президент болгусу келет. Оппозиция болобуз, кыйратабыз деген күчтөр болгону менен бириге албай жатышат. Ошон үчүн быйылкы шайлоодо эч кандай бийликке жете албайт. “Бүтүн Кыргызстан”, “Бир Бол” оппозиция болобуз деп жатат. Бирок, аларда туруксуздар, сөзүн турбагандар көп. Бүгүн башканы, эртең башканы сүйлөйт. Башында “Бир Бол” партиясына жеткен олигархтардын баары чогулган. Ошон үчүн мурунку” бир-болчуларды” Сулаймановдун өзүн кошуп, байманап олигархтар деп түшүнөбүз. Алар оппозициямын деп айтып койсо эле эл аларга ооп кетпейт.

- Бул  сапар оппозиция өз ара бириге албай жатканда, бийликтегилер чоң күчкө айлана албай жатканда ортодо акчасы жок, бирок, эл үчүн иштеп берем деген азаматтар парламентке өтүп кетиши мүмкүн деген да пикирлер бар. Ынансак болобу?

- Эгер акчасы жок жүргөн профессионалдар адистер, мыкты илимпоздор депутат болуп калса, жакшы болмок. Иштери өнүмдүү болмок. Легендарлуу парламентте ушундай баардык интеллигенция өкүлдөрүн камтыганбыз. Биздин катарыбызда юристтер, экономисттер, өндүрүштө иштегендер, жумушчулар, колхозчулар, жазуучулар, киночулардын баары бар болчу. Кыскасы, ар бир тармактын өкүлдөрү болгон үчүн, маселени айтып, аны чечкендин жолун көрсөтчүбүз. Кандай маселе көтөрүлбөсүн, аны түшүнгөн, билген кишилер бар болчу. Төлөгөн Касымбеков, Камбаралы Бобулов, Эстебес Турсуналиев деген адабияттын, маданияттын залкарлары катарыбызды толуктачу. Азыр ошондой маданияттан, адабияттан депутат болуп келээрин кудай билет. Легандарлуу парламенттин катарын толуктаган илимпоздордун, доктор науктардын, профессорлордун, кандидаттардын пайдасын эл көрдү да. Азыр болсо, андай илимпоздор жок. Мандат акча менен чечилип калган. Акылы бар жаштар келип калса сүйүнөт элек го. Бирок, аларга берки акчалуулар жол берээрин Кудай билет. Азыртан эле шайлоочулардын тизмесин түзүп, 100 кишиге бирден жетекчи дайындап, “Эл сомго алымсынбай калыптыр. Доллар менен бергиле” деген сөздөрдү угуп жатам. Акчага алданбай шайлоо келечегибизди аныктаарын эске алып, татыктуусун шайлашыбыз керек. Ошондой эле шайлоону таза өткөрүү президенттин, бийликтин эле милдети эмес, элдин да милдети. Акчага, тамакка азгырылбай таза шайлоону өткөрүүгө салым кошушубуз керек. 30 жыл мурун эгемендүүлүк алганда кубанып, көзүбүзгө жаш алганбыз. Бирок, 30 жылдан бери мамлекет өнүкпөй, эл алданып келатат. Эми эл ойгонуп, байманаптардын алдында тебеленип жүрө бербей өз оюн айтып, татыктуусун тандашы керек. Эски ичип-жегичтерден арылып, эл үчүн иштеген азаматтарды шайлашыбыз керек.

- Чыныгы атаандаштык кайсыл партиялардын ортосунда болот?

- БШК 44 партияны каттоодон өтүптүр. Аны баары атаандаш эле, жеңишке жетет эле деп айтканга болбойт. Менин оюмча жүрүп отуруп, бийликке багыттаган партиялар көпчүлүк добушту алат. Чыныгы күрөш, чыныгы атаандаштык 5-6 партиянын ортосунда болот. Алар “Мекеним Кыргызстан”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Кыргызстан”, “Биримдик” жана “Республика”.

 - “Ата Мекен” партиясы кечээ курултай өткөрүп, Өмүрбек Текебаев саясий маданияттуулукту көрсөтүп, партиясын жаштарга өткөрүп берди. “Ата Мекен” партиясын да ийгиликке жете турган партиялардын катарына кошсок болобу?

 - Текебаев курултайда мырзалык кылып ордумду партия лидерлигин Жанар Акаевге берди. Келечекте премьер-министр, спикер кылабыз деп бакылдап жатат. “Бакылдаган текени суу кечкенде көрөбүз, шакылдаган жеңени үй чечкенде көрөбүз” демекчи баарын шайлоо көрсөтөт. Мен мырзалык кылдым деген куру сөз. Иши сотто болбогондо шайлоого өзү эле бармак. Соту бүтпөгөн үчүн ордун жаштарга берүүгө аргасыз болду. Кыскасы, “Ата Мекен” партиясынын да абалы жакшы эмес. Анткени, “Ата Мекендин” да баркы кетип калды. Текебаев жазган Конституциясы боюнча партиялар депутаттарды шайлап калды. Бизде Германиядагыдай, Америкадагыдай классикалык партия жок болгондуктан, партиялар бышып жетиле элек болуп, акылга сыйбаган көп иштерге жол берип жатышат. Бышпаган партиялардын айынан эл чийки тамак жегендей абалда турат.

Аэлита САТЫНДИЕВА, Булак: “Майдан. kg” гезити