- Турсунбек мырза, Өмүрбек Суваналиевди жакшы билген адамсыз. Ал даражалуу кызматта туруп, неге шайлоого оппозициялык партия менен аттанды?

 - Комиссар Катани деген атка ээ болгон Өмүрбек Суваналиев Кыргызстандагы белгилүү саясатчылардын, мамлекеттик ишмерлердин бири. Комиссар Катани деген атка ээ болушуна да укук коргоочулардын, менин да эмгегим бар. Аны өзү да китепке, гезиттерге баса белгилеп жазган. Ыраазычылыгын да билдирген. Учурунда анын эрдиктери да болгон. Акаевдин бийлигине эч ким баш көтөрө албай жатканда, бийликке каршы чыккан кадамдарга барган. Атамбаевдин убагында президент тарабынан кадырына доо кеткен сөздөр айтылып, кызматы жок жүргөн. Сооронбай Жээнбеков президент болоор менен бакыйган Коопсуздук Кеңешинин төрагасынын орун басары кызматына койду. Бирок, эмнегедир Суваналиев ушунча убакыттан бери иштегени менен, “Суваналиев бул ишти аткарды, мындай демилге көтөрдү” дегенди уга элекпиз. Жогорку кызматта иштеп, айлык алып жаткандан кийин ар бир адам өзүн көрсөтүшү керек. Таңгалганым, жылкы теппей, жылан чакпай эле президент Жээнбековго айыгышкыс душманга айланган, кайда болсо да президентке асылып сүйлөгөн партияга барып кошулуп алды. Баарынан кызыгы, “депутат болсом болуп калам. Эгер шайлоодо өтпөй калсам, Коопсузду Кеңешинин төрагасынын орун басары болуп иштей берем” деп айткан экен. Туура, мыйзам ага жол берет. Бирок, моралдык жагы кандай болуп калат? Президенттин алдында иштеп жатып, бийликти сындаган партия менен шайлоого барып, өтпөй калса кайра, мурунку кызматына келгенге кантип моралдык жактан туура болот? Кантип адамдык абийири жол берет. Мен ушуга түшүнө албай жатам.

- Кызматта туруп, неге шайлоого бийликтин партиясынан барган жок?

- Ал боюнча айта албайм. Мүмкүн алар партиясына алган жоктур. А балким, өзүнүн көңүлү жок болгондур. Мүмкүн ал партияларга позициясы туура келбегендир.

- Кызматта туруп, оппозициялык партия менен шайлоого баруу балким эрдиктир?

- Бийлик менен кызматташып туруп, оппозициялык партия менен шайлоого баруу эрдикке деле жатпайт. Бийликте туруп алып, бийликке каршы чыккан партиядан депутаттыкка аттанганы моралдык жактан туура эмес болуп калды. Ошондой эле оппозициялык партиядан шайлоого барып, өтпөй калсам, кызматымда иштей берем дегени эрдикке жатпайт. Тескерисинче, кызматка тырышкандыкка жатат.

 - Балким, анын жүрөгү оппозициялык партияга жакын болуп жаткандыр?

- Өмүрбек Суваналиевдин көз караштарын ачык айткан сапаты бар. Бетке айткан лидерлердин катарын толуктайт. Ошон үчүн бийликтен кеткен учурлары болгон. Бийликте туруп, бийликке каршы чыккан мезгили болгон. Бирок, азыркысы аларга салыштырмалуу эрдик эмес, тескерисинче чыккынчылыкка барабар иш болуп жаткансыйт.

Менин атымдан негедир туура эмес маалыматтар кетип жатат. Мен айтпаган сөздү айтты деген учурлар болуп калып жатат. Мен башынан эле мамлекет башчыларынын атын атап кайрылбайм. Отчествосун кошо айтам. Азыр жаш балдар президенттин бешигин терметкенсип, кыскартып айтып жатышат. Мындай нерсени тарбиясыздык деп билем. Эгер менин атымдан ушундай маалыматтар кеткен болсо, журналисттердин кошуп койгону деп билсеңер болот.

Аэлита  САТЫНДИЕВА, Булак: “Майдан. kg” гезити