Борбор калаанын Биринчи май райондук сотунда 2019-жылдын 7-8-августундагы Кой-Таштагы кандуу окуялар боюнча айыпталып жаткан Фарид Ниязовго, Равшан Жээнбековго, Мээрбек Мискенбаевге, Канат Сагынбаевге, Фархат  Баабиевге, Асель Кодураңовага, Ирина Карамушкинага, Кундуз Жолдубаевага, Рыспек Карыпбек уулуна, Канат Осмоналиевге айыптоо актысын угузуу аяктады. Бир нече томдон турган айыптоолорду окуп бергенге бир нече күн талап кылынды. Алар Жазык Кодексинин массалык адам өлтүрүүгө катышуу,  баш аламандыктарды уюштуруу, адамдарды барымтага алуу, өз милдеттерин аткаруу үчүн барган кызмат адамдарына куралдуу каршылык көрсөтүү, мамлекеттик бийликти күч менен басып алууга аракеттенүү, аймактардын элдерин бири-бирине кайраштырып, сепаратисттик чакырыктарды жасоо сыяктуу эң оор беренелер менен айыпталышууда.

Күткөндөй эле алардын бардыгы өздөрүнө койгон күнөөлөрдү моюндарына алышпады, танышты. Анткени, алардын бири да тергеп-тескөөнүн жүрүшүндө тергөөчүлөр менен кызматташууга барышкан эмес. Алардын анабашчысы мурдагы президент А.Атамбаев суракка келбей, күчтөп апкелишсе демонстративдүү түрдө бир да суроого жооп бербесе, жогорудагылар көздөрүнө сайылчудай фактыларды да тануу тактикасын тандап алышты. Минтип аудио, видео каражаттар, көптөгөн адамдардын көрсөтмөлөрү аркылуу   ырасталган фактыларды да танып,  соттук кароо иштерин аягына чыгарууга тоскоолдук кылуу рецидивисттердин, кылмышкерлер дүйнөсүндөгү кримавторитеттердин тактикасы. Алар  эч качан  кылмыштарын моюндарына алышпайт, укук коргоо органдары менен кызматташпайт, антсек аптарыйкаттарыбыз түшүп, жөнөкөй  ууруларга, майда бейбаштарга  окшоп калабыз дешет. Бирок, жогорудагылар үчүн чыныгы абактын астанасын аттабай жатып, кримавториттердей            болууга аракеттенүүнүн кандай зарылчылыгы бар эле? Же алар азыртан эле кримдүйнөнүн төрүн болбосо да, улагасынан өйдөнү ээлегенге даярданып жатышабы?

Жогорудагылар андай тануу тактикасы менен өздөрүнүн абалдарын гана оорлотушары шексиз, анткени укук коргоо органдары менен кызматташпай, күнөөлөрүн моюндарына алып, өкүнүп, кечирим сурабагандарга карата Жазык Коlексинин оорлотулган беренелери колдонулат. Бирок, бир берене боюнча айыпталгандын жазасы эле 10-15 жыл болуп турса, андайлардын дагы 4-5 берене болсо, алар үчүн 7-8 жылдын азайтылгандыгынын же көбөйтүлгөндүгүнүн  кандай айыhмасы бар?  Айыптоочу канча максималдуу жаза колдонууну суранса деле судья максималдуу чектен ашык жазаны колдоно албайт. Ал эми максималдуу жаза - 15-20 жыл. Бизде Түркиядагыдай же Американын айрым штаттарындагыдай  бир адамга 50-60, атүгүл андан да көп жаза колдонуу жок. 2016-жылдын жайындагы төңкөрүш ишке ашпай калгандан кийин Түркиянын фемидасы анын уюштуруучуларынын айрымдарын 2000-3000 жылданга эрктеринен ажыраткан. Бул албетте, символдуу, адамдын орточо өмүрү 70-75 жылдан ашпайт, бирок жогорудагыдай жазаны колдонуу менен Түркиянын фемидасы алардын кылмыштарынын аябагандай оорлугун, мыйзамдуулуктун аларга карата   максималдуу жек көрүү сезимин билдиргиси  келсе керек. Мында белгилей кетчү нерсе, АШАнын,  жогоруда аталгандардын айрымдарынын кылмыштары Түркиядагы путчисттердикинен калышпайт.

Айыптоо актысын угузуунун алдында алардын Ф.Ниязов баштаган бир тобу  Кой-Таштагы кандуу окуяларды  УКМКнын, ИИМдин атайын бөлүктөрү ишке ашырышкан деген мааниде кайрылуу да жасашты. Бул эми чектен чыккан бет тырмарлыктын, карөзгөйлүктүн, жалпы коомчулукту шылдыңдагандыктын өзү. Кимдин кимге каршы ок чыгаргандыгын жалпы Кыргызстандын эли кара жашиктер аркылуу көрүп турушса, анан 2-3 миллион адам  күбө болгонду да танып, андай эмес, мындай болгон деп  ыйман, абийирин  ачкыл-кычкылдарга закүскөгө кошо жутуп жибергендер гана айтышы мүмкүн. Деги спецназчылар Кой-Ташта бири-бирин аткылашкан деген акыk-эстүү адам айта турган нерсеби? Андай тантырактарга  ким ишенет? Бет тырмарлыктын да чеги болушe керек.  Баары бир жазадан качып кутула албай тургандан кийин өздөрүн мурдагыдан да жаман көрсөтүп, элдин жаалын келтире бергендин кандай зарылчылыгы бар?

“Мен ошол жерде А.Атамбаев менен эки жолу сүйлөшүү жүргүздүм,- деп эскерет Кой-Таштагы 7-8-августтагы  окуялар жөнүндө Ички иштер министри К.Жунушалиев,- Бирок, А. Атамбаев менин сүйлөшүүмдүн шарттарына макул болгон жок. Сүйлөшүү жүрүп жатканда А.Атамбаевдин жанында Кундуз Жолдубаева, Фарид Ниязов, эки жан сакчысы жана 25-30 жаштардагы жаш жигит бар экен. Кундуз  Жолдубаева: “Биз чыкпайбыз, каршылык көрсөтөбүз,- деп айтып жатты. А.Атамбаев жана анын тарапташтары жолдорду тосушту, адам өлтүрүштү, адам өлтүрүүгө аракет жасашты, укук коргоо органдарынын кызматкерлерин барымтага алышты. Анысы аз келгенсип кечинде бийликти куралдуу жол менен басып алуу, ар тараптан башаламандыктарды уюштуруу, Бишкек шаарын талап-тоноо - негизги максаттарынан болгондугу айкын болду”.

“Барымтадагы спецназчыларга АШАчылар жасаган мамилени- фашисттер да жасаган эмес,- дейт отставкадагы генерал Артур Медетбеков.-  Атамбаевди кармоо учурунда каза болгон жана жарат алып, барымтада калган спецназчылардын жоопкерчилиги Атамбаевде жана анын жанында жүргөндөрдүн моюндарында. Себели, алар жоокерлерге күч колдонуп, аларды сабап, тепкилеп, барымтага алып, өлтүргөнгө чейин барышты”.

2019-жылдын 7-8-августундагы  Кой-Таштагы  окуяларда жогорудагылардын кимисинин канчадан күнөөлөрү бар экендигин сот аныктап, акыркы чечимин чыгарат. Бирок, жогорудагыларга карата коомчулук өз чечимин алда качан эле чыгарып койгон. Алар биз үчүн  мансап үчүн эч кимди аябаган, ал үчүн айрым адамдардын өмүрлөрүн гана эмес, элдин биримдигин, мамлекеттигибизди да тобокелге салгандан кайра тартпаган  аябагандай коркунучтуу  авантюристтерден  болуп саналышат.

Булак: “Майдан. kg” гезити