Парламенттик шайлоого бир айдан ашуун убакыт калды. Учурда партиялар курултайларын өткөрүп, депутаттыкка талапкерлердин тизмесин түзүү менен убара. Буга байланыштуу акыркы учурда “кошулду” жана “бирикти” деген сөз модага айланды. Парламентке барууну уктаганда түшүндө да көрүп жаткандар жайлуу орун табууга жанталашса, партиялардын лидерлери айланасына шайлоочулардын көңүл кушун ала турган жана шайлоо чыгымын көтөрүүгө жарай тургандарды издөө аракетинде.

Азырынча төрт партия курултайын өткөрдү. Алгачкылардан болуп “Мекенчил” курултай өткөздү. Анын артынан “Бир Бол”, “Ата-Мекен”

 жана “Чоң Казат” партиялары мүчөлөрүн чогултушту. Эми кезек калган партияларда. Мыйзам боюнча, шайлоого катышууга арыз таштаган партиялар талапкерлеринин тизмесин Борбордук шайлоо комиссиясына 25-августка чейин тапшырууга тийиш болгондуктан, “издөө жана издетүү” процесстеринин аякташына аз калды. Кандай болгон чакта да жакынкы ким кайсы жерден турук алганы ачыкталат. Курултайларда кандай маанилүү сөздөр айтылып, кайсы партиянын катарына кимдер кошулганына басым жасап көрөлү.

Чоң казатка жаңы лидер менен

“Чоң Казат” партиясы курултайы 16-августта болду. Анда партия лидерин алмаштырып, расмий түрдө катталган Турат Акимов Максат Мамыткановго жол бошотту. Делегаттар мындай алмашууну бир добуштан колдошту.

Негизи бул партия коомчулукка кескин билдирүүлөрү менен тааныла баштаганда эле Мамытканов өзүн лидер катары тааныштырган. Биринчи кыймыл, анан барып партия айланган топтун аракеттерине байланыштуу ал ИИМге сурак берген. Буга чейин УКМКда иштеген, коомчулукка эксперт катары белгилүү болгон.

 17-августта “Бир бол” партиясынын съезди өттү. Партияны парламентке тизменин биринчи сабында Алмамбет Шыкмаматов баштап бараары белгилүү болду. Ал эми лидери Алтынбек Сулайманов бул жолу өзүнүн нысаптуулугун көрсөтүп, башкаларга жол бошотуптур. Талапкерлердин тизмесинин калган саптарында кимдердин ысымдары жазылганы азырынча ачыктала элек. Бирок буга чейин болжолдуу жаңы курамы маалымдалган. Андан Кыргызстандагы бардык тармактын өкүлдөрүн: ишкерлерди, эксперттерди, маданий жана билим берүү жаатынын өкүлдөрүн табууга болот.

“Саясий вакцина” сен болсоң...

Алтынбек Сулайманов “Бир бол” Кыргызстандын акыбалын чыңдоо үчүн саясий вакцина болуп берээрин белгиледи. Ал өлкөнүн саламаттыгына коррупция, аймактарга бөлүнүүчүлүк жана башкаруу системасынын натыйжасыз аракеттери себеп болуп жатканын айтты. Мына ушундай кырдаалдан чыгарып кетүүчү өзүнүн партиясы болоорун жар салып, ал турмак оппозициялык багытты тандап алышканын билдирип, акырында “саясий вакцинага” теңеди. Ошентип, биринчи оппозициялык партия аныкталды,аны менен катар Кыргызстанда отуз жылдан бери токтобой жаткан “артка тартуунун анык вирусуна” дары “табылганына” “ураалай” берсек болот. Бул эми тамаша иретинде. А чындыгына келсек, беш жыл парламентте жалпы өлкөнү мындай кой, парламенттин саламаттыгынын жакшырышына салым кошо албагандар “вакцинага” айланса, сакайышыбыз күмөн го...

Саясий “спортсмендер”

Эми кезек секирмейлерде. Учурдагы чакырылыштын депутаттарынын айрымдарынын карааны көрүнбөгөндөн, беш жыл иштеп майнап чыгара албадым, бул жолу сыйымды билип сыртта калайын деп эстерине келишкенби деп отурсак, шайлоого аз калганда жамгырдан кийинки козу карындай жайнап чыга келишти. Өздөрүнүн дараметин билип, бул жолку жарышка баруудан баш тарткандары саналуу эле өңдөнөт. Калгандарынын баары ар кайсы партиялардын курамына баштарын тыгышты. Булар да анча-мынча сөз сүйлөп, элге таанылып калгандары. Балык болуп келип, балык болуп мөөнөтүн соңуна чыгаргандардан ар башка партиялардын тизмелерине жазылгандары канча дейсиң. Ошондо, секириктердин акыркы варианты мындай болду:

2010-жылы “Ар Намыс” менен парламентке келип, ошондон бери орун-очок алып калган Дастан Бекешев беш жыл мурда депутат кылган КСДП менен эмес “Реформатор” партиясынан шайлоого аттанды.

Генерал Курсан Асанов менен депутат Тынчтыкбек Конушбаев “Бүтүн Кыргызстан” партиясына кошулганы маалым болду. Адахан Мадумаровдун партиясы катарына калган-каткандын дээрлик баарын кошту. Мурдагы чакырылыштын депутаттарынын бир тобу “бир бүтүнгө” айланышты. Алардын катарында Кубанычбек Исабеков, Ишенбай Кадырбеков, Исхак Масалиев ж.б. бар. Жалпылап айтканда “Бүтүн Кыргызстан” менен жети партия бир желектин алдына баш бириктирди. Алар:

1.“Кыргызстан коммунисттер” партиясы – Исхак Масалиев;

2. “Эрк” партиясы – Турсунбай Бакир уулу;

3. “Эгемен Кыргызстан” партиясы – Бектур Асанов;

4. “СССР” партиясы – Ишенбай Кадырбеков;

5. “Ак калпак” партиясы – Улукбек Маматаев;

6. “Улуу көч” партиясы – А. Момунов.

7. “Бүткүл жаштар” партиясы – Чыңгыз  Капаров.

Мурдагы башпрокурор Элмурза Сатыбалдиев “Замандаш” партиясына барды. “Эмнеге бул партияны тандаганым коомчулукка маалым болсо керек”, - деген ал “Замандаштан” гана көз карашына ылайык келген позицияны тапканын жарыялады. 

Мурдагы депутат Жылдыз Жолдошова Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаров жетектеген “Мекенчил” партиясынын курамына кошулду. Ал мындай чечимин “биздин көз карашыбыз, багытыбыз жана максатыбыз бир” деп түшүндүрдү.

Акылбек Жапаров “Мекеним Кыргызстан” партиясынан жай тапты. Экономиканы чаккан депутат тизменин канчанчы сабын “соодалашканы” азырынча белгисиз.

“Демократ” партиясы “Бир бол” менен барууну туура тапты. Биринчи партиянын лидерлеринин бири экономикалык маселелер боюнча эксперт Эсен Момункулов.

Жалаң жаштардан турган “Бирик” партиясы алдын ала айтылган божомол маалыматтарды чындыкка чыгарып “Мекеним Кыргызстан” партиясынын колтугуна жашынды. Буга чейин бул эки партия бир адамга караштуу экени, саясий оюндун эпкининен эки башка партияга айланганы айтылып келген.

“Мекеним Кыргызстан” дагы бир партия менен “байыды”. Туратбек Акимканов жетектеген “Табылга” партиясы “Мекеним Кыргызстан” партиясы менен биргеликте иш алып баруу тууралуу меморандумга кол койду. “Табылга” партиясы  Ысык-Көл облусунун активисттери тарабынан негизделген.

Башкалар кошулууга партия издеп жүргөн маалда Иса Өмүркулов, Элвира Сурабалдиева, Кожобек Рыспаев жана Анарбек Калматов КСДПнын катарынан чыгуу боюнча арыз жазышты. Ийгиликтин эрте-кечи жок дейт эмеспи, тизменин бекитилишине саналуу күндөр калса деле парламентти менчик сарайындай кабыл алгандар, кайра депутаттыкка барууна милдет катары көргөндөр дагы бир жерден ыңгайлуу орун табууга үлгүрүшөт. Айрымдары таап да алышты.

Шайлоого барбайм дечүлөр да чыкты. Өмүрбек Текебаев партиясын аттап-тондоп даярдап, бирок өзү жарышка катышпай турганын жарыялады. Өзү гана эмес, партияны түптөөгө, өнүктүрүүгө салымдары бар Асия Сасыкбаева жана Дүйшөнкул Чотонов дагы талапкер болуудан баш тартышыптыр. Алар жолду жаштарга берүүнү чечишип, жаңы доордун негизги жүгүн замандын ээлери тартуу керектигин белгилешиптир. Текебаев менен Чотоновдун учурда соту аягына чыга электигин жана арттарында “соттолгон” деген жарлыгы бардыгын эске алганда, алардын шайлоого баруудан баш тартканы күтүлгөн эле көрүнүш. Жагдай мажбурлаган баш тартунуу өз пайдасына оодарып, жол бошотуучу катары даңазаланып алууну да билиш керек.

Мыктыбек Абдылдаев да парламентте отуруудан чарчаптыр. “Бир болдун” курултайында “саясатты токтото турууну чечкенин” билдирди. Маңыздын баары “токтото турууда” жатат. Эски кадрлардын бири саясаттан кетээрин айтпады, убактылуу гана токтото тураарын белгиледи. Демек, качан болбосун кайтып келиши мүмкүн.

Бул жумадагы парламенттен көзүнөн учкан партиялардагы көрүнүш ушундай. Анда-санда жаңы жүздөр көрүнүп калбаса басымдуу бөлүгү мурда-кийин эл өкүлү болуунун ширесин таткандар. Эл жүгүн аркалап, кайсы бир маселени чечип, же сапаттуу мыйзам жазгандардын жөнү бир башка, бирок кнопка баскандан башкага шыгы жоктор деле аттанып жатышат. “Парламенттин тузу оор” болсо ушул экен да...

Аэлита Сатындиева, Булак: "Майдан. kg" гезити