Парламенттик шайлоонун адаты башталды. Ал - талапкер партиялар бири бирин болушунча жамандап, калк алдындагы кадырын төкмөй. Мындай милдетти айрым з күчүнө ишенбеген партиялардын соцтармактардагы фэйк - аккаунттары аркалашаары да белгилүү. Айрыкча, дымагы күчтүү, элдин колдоосуна эгедер болгон партиялар бул адаттын курмандыгына айланышат.

Учурда  соцтармактарда фэйк-аккаунттар "Мекенчил" партиясына чабуул жасашууда. Жакында алар партиянын азыркы талапкерлеринин 2015-жылы айтылган сөздөрүн сууруп чыгышып, анысы менен Камчыбек Ташиев менен Жылдыз Жолдошованын ортосунан "кара мышык" чуркатуунун самашканы маалым боло калды. 

Саясатта талаш-тартыш, кайчы пикирлер болоору мүнөздүү. Мамлекеттин тагдырын чечкен иште эмес, беш адамдан турган эмгек жамаатында да кайсы бир максаттын чийининде баратканда пикирлердин кагылышы болот. Кайчы пикир жаралган жерде, талаш-тартыш орун алганда гана иш максатына жетери баарыбызга белгилүү эмеспи. Эң негизгиси, максаттар чачырабаса болгону эмеспи.

Жылдыз Жолдошова, Камчыбек Ташиев жана Садыр Жапаровдордун бир багытка байланганына көп жыл болду. “Ата Журт” партиясынын катарында парламентке барышып, беш жыл чогуу иштешкен. “Кумтөр” маселесин көтөрүп чыгабыз деп бийликтин таалуу жерине тийген Ташиев менен Жапаров саясий куугунтукка кабылып абакта отуруп калышканда, Жылдыз Жолдошова колдоосун токтоткон эмес. Көп кыйынчылыкты бирге жеңип, көп ашуудан чогуу ашкан саясатчылар учурда да бир партиянын желегинин алдында. Андыктан, өткөндү чукуп, андан жаман нерсе табууга аракеттенип, “Мекенчилдин” кадыр-баркына шек келтирүүнү каалагандардын тилеги ишке ашпайт. Кыргызстандын жалаң мекенчил инсандарынан куралган партия элдин ишеничинен эч убакта ажырабайт.

"Мекенчил"  шайлоого аттанган партиялардын арасынан алгачкылардан болуп курултайын өткөрүп, талапкерлеринин тизмесин БШКга дароо тапшырды. Бул демек, партия арасында карама каршылык, кайчы пикирлердин жоктугун билдирет. Айрым партияларчылап талапкерлерин шайлоого аз калганда издеп калбай, эбактан сапарлаш жана максаттаташтары иргелип, бир желектин алдына биригип калышканын билдирет.