Орозайым Нарматова деген жаш кыз саясатка өзүнүн айтуусу боюнча Мекенчил партиясы аркылуу келиптир... Бирок, башка партия менен шайлоого баратыптыр. Мейли барсын, бирок Камчы Ташиевке жасаган видео кайрылуусу "заказ" экени ачык айдан көрүнүп калды. Мен  Орозайымга төмөнкү кеңештерди берип коёюн, саясатчы эжеси катары. 

Күчтүү саясатчы болом десең, "заказ" аткарба, бирөөнү сатпа,  суу ичкен кудугуңа түкүрбө, эч качан мырза жигиттерди бири-бирине кайраштырба. Камчы Ташиев менен Садыр Жапаров Ош окуясында бирге болушту, "Кумтөрдөн"  2 миллиард долларлык элдик байлык жылына чет өлкөлүк компанияга кетпестен, кыргызстандыктарга калсын деген  чындыгы  үчүн камалып чыгышты. Садыр Жапаров, бүгүнкү күнгө дейри камакта... 

Орозайым, сен айтып жатасың, 2017 - жылдан бери "Мекенчил" партиясын түптөгөндөрдүн биримин деп. Саясатчы жалган сүйлөбөш керек, "Мекенчил" партиясы 2010 - жылы Адилет министрлигинде катталган.

Ал эми эки дос, Камчы Ташиев жана Садыр Жапаров 20 жылдан ашык аралыкта айрыкча оор күндөрдө бири бирин таштаган да, саткан да жок.

Камчы Ташиев кыргыз элине таандык, чыныгы достуктун туусун көтөрүп, "достуктун символун" кайрадан казык каккандай кагып, орнотуп койду.

Орозоайым, абайла... сен эки партияны кагыштууруга алып барып койбогун...

Камчы Ташиев, Садыр Жапаровтой, мекенчил, таза, ак-ниет, духу күчтүү, элим жерим деген азаматтар, тилекке каршы өлкөбүздө саналуу...

К. Ташиевдей, С. Жапаровдой болуш үчүн, жаратылыштан жана Жараткандан  "дух" берилиши зарыл...

Жылдыз Жолдошова