“Бир Бол” партиясы шайлоо алдындагы съездин ѳткѳрүп, депутаттыкка ат салышчулардын тизмесин жарыялады. Жашырганда не, тизмени кѳргѳн адамдын кѳѳнү толот. Креативдүү, жаңыча ой жүгүрткѳн, ийгиликке жетишкен жаштар. Дайыма тизменин башында болчу Алтынбек Сулайманов бул тизмеде 10-катарды ѳзүнѳ ыраа кѳрүптүр.
Бирок тизмеге баам салып, жакшылап караганда бир жагдай ойлондуруп, тынчсыздандырбай койбойт. Тизмедегилердин дээрлик бардыгы тигил же бул деңгээлде Батыш менен иштешип, ар кандай долбоорлорду ишке ашыруу менен гранттык каражаттарды алып иш жүргүзүп келгендер экенин байкоого болот. Ток этерин айтканда, алардын Кыргызстанга чындап күйѳрү шектерди жаратат. Кокус партия шайлоодо жеңишке жетишип, тизмедегилер депутат болуп калышса, кандай болот, ыя? Батыштын ырын ырдашып, грант бергичтердин кызыкчылыктарын парламенттик деңгээлде коргой башташпайбы?
Андыктан “Бир Болдун” катарында жалаң жаштар деп ашыкча кубанбай кое турганыбыз оң. Алардын ким экендиктерин, чыныгы жүздѳрүн алдыдагы убакыт кѳрсѳтѳт...
Булак: “Майдан. kg” гезити