17-августта “Ата-Мекен” партиясынын съезди ѳтүп, шайлоого катышчу талапкерлердин тизмесин жарыялады. Съездде партиянын лидери Ѳмүрбек Текебаев шайлоого катышпай турганын жар салды.
Бирок ансыз да катыша алмак эмес, сот иши бүтѳ элек болсо кайдан катышсын. Ар бир жагдайда ѳзүнѳ пайда алууну кѳздѳгѳн башкы атамекенчи съездде да жалындуу сѳздѳрүн сүйлѳп, жаштарга орун бошотуп жатканын айтып, эл кѳзүнѳ жакшы кѳрүнүп алды. Андан кѳрѳ “сот ишим бар, катыша албайм, болбосо катышат элем”- деп ачык айтса жарашмак.
Албетте, кандай болгон күндѳ да Ѳмүрбек Текебаевдин саясаттан биротоло четтеп, партиясын Жанар Акаевдин колуна биротоло ѳткѳрүп бергенине ишенүү кыйын. Кокус парламентке ѳтүп калса, Жанардын колу менен фракцияны сырттан башкарып, ѳзүнүн кызыкчылыктарын ишке ашыра берерин бѳркүбүздѳй кѳрѳлү. Анткени, Текебаев азырынча саясаттан кетип калчу куракта эмес, сот ишине байланыштуу гана убактылуу четтеп турууга аргасыз.
Ал эми тар чѳйрѳдѳгүлѳрдүн айткандарына ишенсек, башкы атамекенчи 2023-жылы ѳтүүчү президенттик шайлоого эмитен камылга кѳрүп, тагдырын акыркы жолу сынап кѳргүсү келип жатыптыр.
Булак: “Майдан. kg” гезити