Жашырганда эмне, бизде парламенттик шайлоолордо тизме түзүү партиянын лидерлери, лөктөрү үчүн өзүнчө бизнеске айланган. Партиянын саясий салмагына, жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгүнө карай тизмедеги орундуктардын баасы да жогору, төмөн болот. Эгерде партиянын артында жогорку бийлик турган болсо, анда эле ал партиянын тизме баасы асманды чапчыса, тизмеге кирет элем деп кезек күткөндөрдүн катары артат.

Учурда партиялар ичинде эң кымбат тизме “Биримдик” партиясына тийешелүү имиш. Алдыңкы ондукка кирүү үчүн талапкерлер 1 млн. доллардан берип атыптыр. Экинчи ондук 300-500 миң доллардан айланарын билдик. Бул асмандан алынган сандар эмес. Өлкөдөгү бай айымдардын бири “Биримдиктин” алдыңкы сабына 1 млн. доллар берип киргенин тар чөйрөдө мактанып айтып, ал бизге жетти. 

Буга чейинки шайлоолордо Бабановдун “Республика” партиясы да тизмедеги орундуктарды оңбогондой суммага бааласа, бул жолу андай эмес дейт. Бабанов буга чейинки шайлоолордой каржылабай турганын билдиргенден кийин партиянын азыркы төрагасы Мирлан Жээнчороев шайлоо кампаниясына акча табуу үчүн тизме баасын түшүрүп, алдыңкы ондукту 200-300 миң долларга берип атат дейт.

Талапкерлердин мындай ири суммаларды беришип, анан эле депутат болгондоруна корстон болушуп, кетирген ири каржыларын унутуп коюшат дегенге түк ишенүү кыйын. Анда эмне, депутаттык 5 жылдын ичинде кетирген акчаларын кайтарып алуунун ар кандай амалдарын көрүшөбү? Аттиң, бирок ушул чындыкка жакын...

Булак: “Майдан. kg” гезити