Бизде ушундай. Бир жолу Жогорку Кеңештин депутаты болуп алган соң ѳздѳрү барбаса да балдарын, бир туугандарын депутат кылууга аракет кѳрүшѳт. Бул албетте, кылмыш эмес. Жогорку Кеңешке шайланууга ар бир кыргыз жаранынын укугу бар. Анан да саясий, финансылык ресурс болсо, бактыны сынап кѳргѳнгѳ неге болбосун…

Сыягы, бу чакырылыштагы парламентте мурда, кийин депутат болгондордун, учурдагы депутаттардын, мурдагы ири аткаминерлердин уул, кыздары кѳп болот окшойт. Айтсак, “Ата-Мекен” партиясынын катарында эле бир топ экс-депутаттардын жакындары шайлоого баратканын тизмеден кѳрдүк. Атамекенчи депутат Садык Шердин иниси Абылкасым Шерниязов, Дүйшѳнкул Чотоновдун кызы Турсунбүбү Чотонова, мурдагы спикер Абдыганы Эркебаевдин уулу Азат Эркебаев, “Республика” фракциясынан учурдагы депутат Закир Шараповдун кызы Жибек Шарапова “Ата-Мекен” партиясынан шайлоого аттанышууда. 

Жогорку Соттун мурдагы тѳрагасы, экс-депутат Курманбек Осмоновдун кызы Нурзат Осмонова “Биримдик” партиясынын, мурдагы Башкы прокурор Нурлан Турсункуловдун уулу Кутман Турсункулов “Республика” партиясынын тизмесинде шайлоого катышканы жатышат. Бул азырынча белгилүү болгондору. Бардык партиялар съезддерин ѳткѳрүп, тизмелерин жарыялашканда дагы кимдердин ата жолун жолдогондору белгилүү болот.

 

Булак: “Майдан. kg” гезити