“Бүтүн Кыргызстан” партиясы да курултайын өткөрүп, талапкерлеринин тизмесин аныктады. Анын алдыңкы он орундагы талапкерлерин көрүп, лидери мээсинен айнып калдыбы деп ойлойсуң. Биринчи орунда лидери Адахан Мадумаров өзү, анын артынан Айгүл Сатарова, Орозайым Нарматова, Темир Сариев, Исхак Масалиев, Өмүрбек Суваналиев жана Курсан Асановдор жазылган. Булардан башка партия менен бир катар эски саясатчылардын бириккени айтылып келатат. Алардын арасында  Кубанычбек Исабеков дагы толтура саясат дайрасынан кургак отундай жээкке сүрүлүп калган саясатчы сөрөйлөр  бар.

Бул партиянын тизмесин карап, аны жандаган адамдарды көрүп отуруп кыргыз саясатынын түшүнүк деңгээли жапыздап, айрым саясатчылар парламентти олуттуу эмес, оюнчук көрүп калганына зээниң кейийт. Адахан Мадумаров өзү канча жылдан бери парламенттик шайлоого катышып, бирок жетиштүү добуш топтой албагандыктан максатына жете албай келет. Бул сапар айланасына так өзү сыяктуу кызмат дегенде ынтылып, бирок ыңгайы келбегендиктен четте турууга мажбур болгондорду топтоптур. Бир бүтүнгө айлангандардын дээрлик баары өз убагында мамлекеттин май-талкандуу жагын мыкчышып, кызматы бир гана өздөрүнө арналып, байлык жыйып, бакыбат жашоосун элдин эсебинен жайгарып алгандар. Анан калса, алардын ар бири үчүн Кыргызстан өзүнүн бала-чакасынан башталып, тууган-уругунан аягына чыгат. Башкача айтканда, өзүмдүкү өлбөсүн, башкалар менен чатагым жок дегендер. Азыр да, саясаттагы доору соңуна чыгып, элдин ишениминен эчак чыгышканына, айрым кылыктары эл арасында аңыз болуп, терс реакцияны жаратып тараганына карабай, депутат болуудан баш тартышпаганы – дагы да мамлекеттин калган-каткан мүмкүнчүлүгүн өз арыгына буруп, кайсы бир кызыкчылыгын ишке ашыруу үчүн шымаланып жатышканы. Же алар курагы келген чагында акылына кирип, абийирлери ойгонуп, мурдагы жаңылыштыктарын эми оңдоп мамлекет үчүн иштеп берели деген ак ниет карманганына ишенесизби? Жакшы сөз бар: “Бүкүрдү көр да түздөй албайт”. А булар саясаттагы бүкүрлөр.

Адахан Мадумаров өзүнөн кийинки эки орунду жаштардын өкүлдөрүнө ыраа көрүптүр. Коомчулукка аты билине элек Айгүл Сатарова менен оюна келгенди оттоп кое бергени менен терс жагынан таанымал боло калган Орозайым Нарматова. Эл акыркы учурда эски жүздөрдөн, карып-арып калгыча бийликтин этегине эрмешкендерден чарчап, парламентке жаштардын келүүсүнө куштар боло баштаган. Бул суроо-талапты Мадумаров башкача түшүнүп алганбы, тизмесин эки жаш менен толтуруптур. Жаш болгондо сабаттуубу, сабатсызбы, билими барбы – жокпу, баам салбай, соцтармактарга кайсы бир саясатчынын дарегине сын-пикир айта койгондорду элдин талабы деп билиптир. Интернет өнүккөн заманда экинин бири сынчы, башына келгенди таразалап отурбай тилден чыгарып коюш ар бир адамдын колунан келет. Бирок айрымдар “акылсыздыгыңды билдиргиң келбесе аз сүйлө” деген насаатты карманышат, кээ бирлер жылдыз болуунун айласында бир-эки адамдан укканын өз пикирине айлантып, видео тартып таратууга жанталашат. Мына ушундай, кыска оюн көпчүлүккө таңуулагандарды Адахан Мадумаров жаштардын өкүлү катары парламентке жеткирүүгө бел байлаптыр. Аларды алып барып алгандан кийин мыйзам жазышабы, же мыйзам талкуулайбы, дээринде жок болсо кайсы бир мыйзам долбоорунун мамлекетке пайда-зыянын кантип түшүнүшөт, кнопка басууда билими, аң-сезими, түшүнүгү болбосо эмнеге таянышат – бул суроо аны ойлонткон жок. Маанилүү, мамлекеттин келечегин аныктаган маселелер чечилчү парламент – соцтармакка жүктөлгөн видеодон алда канча айырмаланаарын жаштардын “акылдуу” өкүлдөрү да ойлонбоду.

Адахан Мадумаров өз убагында бир катар мамлекеттик кызматтарга жетишти. Ал жылдардан артына эмне калтырды? Безеленген кызыл тили менен биринчи класстын окуучусундай чычалама кыялы гана эсте калды. Сөз менен элдин курсагын тойгузган бир депутаттын болушу аз сыяктанып эми парламентке өзүнө окшогон сууруп чыгаар бир иши жокторду жыйып алып баратканы эмнеси. Бирок, албетте партиянын парламентке өтүп кетээри күмөн. Мадумаров өзү элдин ишенимин жарата албай келет, эми анын жандоочуларынын жүзү такыр эле шайлоочуларды “Бүтүн Кыргызстанга” далысын салдырган  акыбалга жеткириши мүмкүн. Ошентсе да, мамлекеттин негизги бийлик бутагы болгон Жогорку Кеңешке барып, эл өкүлү болууга татыктуу деп эсептеп тандагандары мамлекеттик кызматтын баркын түшүрдү.

Мисалы, алдыңкы он орундагы Өмүрбек Суваналиевди кыргызстандыктар жакшы таанышат. Кызмат дегенде жантыгынан жата калып, ар кимге “жуучу” жөнөтүп жүрүп  Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басарлыгына жетти. Кызмат абалына жараша криминалдарды көзөмөлдөө милдетине кирет. Ашыкча үнү, кыймылы чыкпай тынч отуруп, шайлоого келгенде “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын курултайында “бийликчил партиялар кримтөбөлдөрдүн айтканын аткарат” дегендей пикирин билдирди. Аны менен катар партиялык тизмелерге кылмыштуу топтун мүчөлөрү да кирип жатканын айтты. Ошондо, криминалдарды төбөгө чыгарган ким болуп калат? Аларды ооздуктай албай, ар кайсы партиялардын тизмесине жабыратып кое берип өзү Коопсуздук кеңешинде спикер айткандай “жүгөрү кайтарып отурабы?” Иш эмес, сөз менен аркан эшкендердин бири так ушул Суваналиев. Артында электораты, колдогон көпчүлүгү жок коколой башы. Ага карабай бир партиядан экинчи партияга секирип, дайыма өзүнүн кызыкчылыгынын үстүндө иш алып барып келет. Же элге кылган пайдасы жок. Анан ушундайлар шайлоого жакын эле патриот болуп чыга келишип, өлкөнүн эртеңине күйүмүш боло калышат.

Кубанычбек Исабеков сыяктуу дагы бир далай саясатчылардын ким экенин элдин баары жакшы билишет. Мадумаровдун күнү жалаң калдыктарга түшүп, ушулардан элдин келечегин аныктоочу топ түзгөнүнө таң калбай кое албайсың. Бир эсептен, “балыкчы балыкчыны алыстан тааныйт” деген да бар да.