Reporter.kg’ге өздүк булактар билдиргендей, экс-бажы кызматкери “Мекеним Кыргызстан” партиясынан Жогорку Кеңешке кирүүнү каалаган талапкерлердин тизмесинде жок. Дал ушул партия Матраимовдордун үй-бүлөсү менен байланыштуу.

Эскерте кетсек, саясий бирикменин өзү талапкерлердин тизмесин азырынча жарыялаган жок.

“Партиянын катары ар улуттун, региондордун жана ар кайсы кесиптин талапкерлеринен түзүлдү. Тизмеде жаш, келечектүү адамдар көп”, – деп айтылат партиянын билдирүүсүндө. 

Курултай учурунда тартылган сүрөттөрдө Жогорку Кеңештин депутаттары Искендер Матраимов, Марлен Маматалиев, журналист Элнура Алканова, ырчылар Бек Борбиев жана Урмат Үсөнов бар.

Булак: reporter.kg