Ал жактан өзүн ыңгайсыз сездиби айтор кийин Бакиевлин жардамы менен Белоруссияга барып  баш паанек алганы маалым болгон. Ал өзүнүн аты жөнүн Даниил Урицкий деп алмаштырып алган.  Жакында ошол Урицкий болуп алган Данияр Усөнов менен Беларусиянын президенти А. Лукашенко менен маектешип жаткан видеосу тараган. Келгиндерге оппозициянын толкуну бир топ таасирин тийгизип, Лукашенкону этектеп жүргөн Бакиевдин кландарына да таасири тийип ордунан козголчудай болуп турат. Тогуз күндөн берки Минскидеги элдик толкундоолор  Даниил Урицкийге жага бербей эми Лондондо кире качканы инсайдердик маалыматтарда чыга баштады. Качканы чын болсо эми Англиянын королунун жанынан өзүн ким деп тааныштырып булуттар чыккан айга окшоп жарк этип чыга калаар экен.

Булак: Элгезит