Парламенттик шайлоого карата буга чейин да айтылып келген маселелер көтөрүлүүдө. Алар: депутаттардын санын кыскартуу жана бир мандаттуу шайлоого кайтуу. Айрым партиялар бул маселелерди программасы катары көрсөтүп жатканы да маалым. Экс-депутат Өмүрбек Абдырахманов мындай өзгөртүүлөргө каршы. Айтымында, биз артка кетпей, өнүгүп жаткан мамлекеттерден үлгү алуубуз керек. 

"Депутаттардын санын кыскартуу жана бир мандаттуу шайлоо керек дегенге кошулбайм. Саясатчы болом дегенден кийин дүйнөдөгү өнүккөн жана өнүгп жаткан өлкөлөрдүн өрнөгүн үйрөнүш керек. Мисалы, Грузияда 4 миллионго  жетпеген эл жашайт, парламентинде 140, Прибалтика өлкөлөрүндө 1,5 - 3 миллион  калкы бар,  105 депутат.  Бизде мажоритардык шайлоолор болгон. Ага криминалдар келе баштаган. Рыспек менен иниси депутат болгон.  Анда парламентте бир да аял жана жаштар жок болуп жалаң капчыктуу эркектер шайланып келип бүт дүйнөгө шылдың болгонбуз… Азыр да ошондой шайлоо болсо азыркы олигархтар жана криминалдар келет. Акчасы  жокторду эч ким шайлабайт. Эки палаталуу парламент да болгон. Эки палатаны бийлик полномочиелерин талаштырып коюп президент өз бийлигин күчөткөн… Велосипед тепкенди үйрөнө албай эле кыргыздар «аны үч дөңгөлөк  кылыш керек, 4 дөңгөлөк кылса такыр жыгылбайт»,-  дей берет экенбиз…

Андан көрө,  кандай шайлоо кылсак акылдуулар жана реформаторлор  бийликке келет деп баш оорутсак пайдалуу болмок… (Андай шайлоо менин Концепциямда жазылган…)

1993- жылы Конституцияны орустардын Алексеев деген Совет убагында Конституциялык кеңеште иштеген адам жазып берген. Ал жерде жалаң декларациялар. «Дүлөй укканын койбойт, сокур көргөнүн койбойт» боло беребизби. 1993-жылдагы Конституцияга келүү - "Москвич машинеси сонун болчу,  баарыбыз Москвич минели" деген менен  эле барабар…", - деди Ө. Абдырахманов.