Депутаттар Иса Өмүркулов, Элвира Сурабалдиева, Кожобек Рыспаев, Анарбек Калматов Кыргызстан социал демократиялык партиясынан чыгуу тууралуу арыз жазышты. Эми аталган партияга Анвар Артыков лидерлик кылат.
Бул тууралуу КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева кабарлады. Ал Иса Өмүркулов менен Кожобек Рыспаев КСДПдан 2018-жылы эле чыкканын эске салды.
Кожобек Рыспаев 2018-жылдын 30-августунда Социал-демократтар партиясынан «Марал» радиосунда айткан сөздөрү үчүн чыгарылган. Ал «Маралдын» «Кечээ. Бүгүн. Эртең» программасында уурулук кылбаган, коррупцияга аралашпаган, таза партияга мүчө болгусу келерин айткан. Ошондой эле КСДПда бекем ынтымак жок экендигин да белгилеген эле.
Мурунку президент Алмазбек Атамбаев түптөгөн КСДП 2019-жылы экиге бөлүнгөн. Учурда Сагынбек Абдрахманов жетектеген «Атамбаевсиз КСДП» саясий кыймылы жана Атамбаевди колдогондору өзүнчө иш алып барат.
Булак: Маралфм