Парламенттик шайлоого даярдык бул жылы такыр башка өңүттө кетти. Нечен жылдан бери ар беш жылда шайлоочуларга болушунча убада берүү менен максатына жеткендер, бул жылы жаңы убада ойлоп таба алышпадыбы, же элдин “кулагына кесме илүү” кыйынга тураарын болжоштубу, башка ыкманы табышты. Көпчүлүк саясий партиялар катарына жаштарды, болгондо да элге алынып, таанылып калган шоу чөйрөнүн өкүлдөрүн кошууга аракеттеништи. Айрыкча, “Инстраграмда” катталуучулары көптөр табылгыс талапкер болуп чыга келди. Андан тышкары бизнес, билим чөйрөсүндө жүргөн жаш талапкерлердин да көп экени байкалууда. Бирок, жаштардын артына жашынган карттар тизмени парламентке өткөндөн кийин да сакташабы, же эл көрсүнгө эки-үч ай депутат кылып, андан соң “өз каалоосу” менен мандатын тапшыртышабы, белгисиз. Мындан талапкер болуп жаткан да, лидер да утулбайт – биринчиге “мурдагы депутат” деген статус керек болсо, экинчиге шайлоодо добуш алуу зарыл. Ошондой эле башта башка партияга кызмат кылгандардын башка партияга секириги да көбөйдү. Айтор, парламенттик шайлоого аз калганда ар ким өзүнө жайлуу орун издөө менен убара.
Чокусу көрүнгөндөрдүн баары чогулду
“Бир Бол” партиясынын курамы жаңыланды. Жаңы жүздөр мында көбүрөөк көрүндү. Арасында кимдер гана жок. Жарандык активисттер, журналисттер, медиа-эксперттер. Чокусу көрүнө калгандын эле колунан кармап келип кошуп койгондой. Алардын сүрөтүн улам жарыялап, “Бир Болдун” жаңы жүзү катары көрсөтүп жатышканы менен жаңылардын артына жашынган “эски жүздөр” да бардыгы белгилүү. Бирок азырынча талапкерлердин так тизмеси БШКга жөнөтүлүүчү мөөнөт келе элегинен “Бир Болдун” алдына жаштарды салымыш болгон чыныгы курамы кимдер экени ачыктала элек.
Сыртта калгандар чогуу аттанды
Канча жылдан бери парламенттин босогосун көрүүгө буйрук-насип болбой, дайыма борттон сырт калып келген бир катар саясатчылар бул сапар күчтөрүн бириктирүүнү чечишти. Адахан Мадумаровдун “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын тегерегине чогулгандын арасынан жалаң эле шайлоодон жолу болбой келген саясатчыларды табасың. Мадумаров да бир нече жолу катары менен Жогорку Кеңешке келе албай калганы маалым. Эми анын күчүнө күч, духуна дух кошууга өзүндөй эле бир топ аракет кылып бирок, дагы бир ирет депутат болуу тагдырына буйрубай келген Ишенбай Кадырбеков, Темир Сариев, Өмүрбек Суваналиев шымаланды. Буга чейин далай мамлекеттик кызматтын “башын жегендер”, бирок ошол учурда мамлекет үчүн элдин эсинен чыкпай калчудай иш аткарбагандар кайрадан күрөшкө чыгышты.
КСДПдан качкандар
КСДП менен парламентке келип, кайра ага каршы чыгып, өз алдынча депутатка айланган Жанар Акаев тагдырын Өмүрбек Текебаев тапшырса, ошол эле партиянын катарында беш жыл бакыйган депутат болгон Абдывахап Нурбаев да “Ата Мекенге” баш калкалады. КСДПнын колдоочусу өз алапайын таппай калганда, чөгүп бараткан кайыкты таштап, жээкке чыгууга ар кимиси өзүнчө чабак урат эмеспи. Алардын бири Рыскелди Момбеков. Бирок ал Атамбаевди сатпаганын айтып актанууга аракеттенүүдө. Айтымында, май айында мурдагы президент менен жолугушууга абакка барып, ага бийликти КСДПны шайлоого катыштырбайт деп арыз-арманын айтып жатып, башка партиялардын катарына кошулууга Атамбаевдин ыраазычылыгын алыптыр. Кызыгы, бийлик КСДПны чындап эле шайлоодо жолунан тосо турган болсо, сөзсүз эле башка партиянын этегине жармашыш керекпи? Беш жыл баккан парламент менен кош айтышып кете берсе болбойбу? Же көпчүлүк депутатты алмаштыруу такыр мүмкүн эмес, келерки шайлоодо келбей калышса Кыргызстан үчүн трагедия болобу?
Кайтпайм дегендердин мизи кайтканда
“Республиканын” мурдагы лидери Өмүрбек Бабановдун саясатка кайтаар-кайташы так айтылбай жатат. Буга чейин президенттик шайлоодон кийин “саясатка кайтпайм” деп шаша-буша Кыргызстандан чыгып кеткен Бабанов парламенттик шайлоого катышат экен деген кеп чыккан. Партия мындай имиштерди так кесе четке кага элек. Учурдагы лидери Мирлан Жээнчороев “ал саясатка кайтпайм деген болчу”, - деп “убакыт көрсөтөөр” деген сыяктуу жообун берген. Ошондой эле ал партия 20-августка чейин съезддин өткөрүп, анда формат, түзүмдөр аныкталаарын айткан. Балким, “ат баспайм деген жерин миң басат” болуп, Бабанов кайрадан саясий күрөшкө шымаланып келип калабы.
Аны менен катар бул партия бутунан башына чейин жаңыланат өңдөнүп калды. Саясий кеңешинин жана курамынын катарынан бир нече мүчө бир убакта чыкканы белгилүү болду. Алар: Табалды Тиллаев, Бактыбек Раимкулов, Тариэль Жоробеков, Жыргалбек Турускулов жана Марлен Маматалиев. Жыргалбек Турускулов, Табалды Тиллаев, Бактыбек Раимкулов жана Тариэль Жоробеков “Ата Мекендин” катарынан депутаттыкка талапкер болууга киришкени айтылууда.
Парламенттен баш тарткандар да болот экен
Депутаттардын арасында топуктуулары да экен. “Өнүгүү-Прогресстин” лидери Бакыт Төрөбаев шайлоого катышпай турганын жар салды. Ал шайлоого корото турган каражатын элге салып, медицинаны көтөрүп, жаштарга билим алууга жол ачып берээрин билдирди. Төрөбаев “алдыдагы шайлоо байлардын күч сынашуусу болот, анда акча абдан көп керектелет” деп, эмне себептен четке чыга бергенинин себебин түшүндүрдү. Аны менен катар: “Бүгүн шайлоочулар талапкерлердин программасын эмес, ким канча акча берээрин карап калышты. Жасалма саясатчылар болсо мамлекеттин кызыкчылыгын ойлошпойт. 7-чакырылыш кандайдыр бир реформа жасап же өзгөртүү киргизип жиберерине ишенбейм. Андыктан шайлоого катышпайм, элди алдагым келбейт”, - деп мындан беш жыл мурда айыл чарба жаатынын башына убадасы менен жылдыз жаадырып, дыйкандардын жүгүн жеңилдетип жиберчүдөй болуп, бирок аткара албай калганын акыры моюнуна алгансыды.
Бир айылдан чыккан эки депутатка мектеп талаш
Ала-Бука районундагы Жой-Белент айылында бери дегенде 30-40 жылды карыткан, бир кабаттуу жепирейген мектеп бар. Мамлекеттик план боюнча бир жылда бир айыл өкмөтүндөгү бир мектеп гана капиталдык ремонттон өтүп, же кайрадан курула тургандыктан, ага көп жылдан бери кезек жеткен эмес. Эми ошол мектеп ушул аймактан чыккан эки депутат - Азиз Турсунбаев менен Исхак Пирматовдун талашына кабылчудай өңдөнүп калды. Беш жыл депутат болгон учурда баштабай, бул экөө тең шайлоо алдында эмнеге курулушка ыктап калышканы белгисиз. Турсунбаев айылдыктарга кайрадан депутат болуп шайланса, мектеп куруп берээрин убадалаган. Ошол эле учурда Исхак Пирматов мектеп курактагы жердештерин 2021-жылы жаңы мектеп менен кубантаарын айткан. Айылда мектептен башка да чечилбеген социалдык көйгөйлөр толтура, эки депутат бир мектепке жабышпай, бири мектепти курам десе, экинчиси элди алдоого башка деле убада тапса болмок.
Кайрымдуулук - табылгыс шылтоо
Учурдагы пандемия шарты кээ бир партиялардын көктөн издегенин жерден таап бергендей болду. Орустарда айтыла жүргөндөй: “Кому война, а кому мать родная”. Шайлоого катышабыз деген партиялар алдын ала эле кайрымдуулук иштерин жасап, аны коронавирус менен күрөшүү аракетине байланыштырып, ошол эле убакта элдин көзүнө илинип калууга жан талашууда. “Бирик”, “Реформа” партиялары ушундай аракеттери үчүн БШКдан эскертүү алышкан. Анткени мыйзам боюнча шайлоо алдында кайрымдуулук иштерин жүргүзүү үгүттөө аракеттерине кирет. Үгүт иштерин баштоого расмий уруксат берилмейинче, элдин көңүлүн ала турган ар бир аракет – маалынан эрте башталган үгүттөөгө кирет. Бул эки партиядан кийин “Чоң Казат да” эскертүү алды. Эскертүүлөр аптыгып кеткендерди эсине келтирээр.
“Шоу - саясат”
Кезек ырчыларга келди. Быйыл шайлоо ырчылардыкы болот окшойт. Пандемияда той токтоп, чакыруу ала албай калгандар эми парламентти көркүнө чыгарып, трибунадагы микрофондон “ырдап” беришеби деген ойдон коомчулуктун жүрөгү болкулдоодо. Анжелика беш партиядан сунуш түшкөнүн жарыялады. Аны менен катар Кайрат Кыргыз, алып баруучулар Ассоль Молдакматова, Айзада Жамгырчиева сыяктуу бир катар шоу дүйнөнүн өкүлдөрүнө саясий чөйрөнүн өкүлдөрү “куда” түшүптүр. Кыязы, саясаттагылар элди ээрчитүүгө дарамети чектелүү экенин сезишип, өздөрү “Инстаграммдагы” жашоонун оош-кыйышын түшүнө элек жаштардын басымдуу бөлүгүнүн кызыгуусуна ээ болгон шоучулардын артынан ээрчүүнү чечишкендей. Анжеликага беш партиядан сунуш түшкөнү биздин саясаттын деңгээли канчалык экенин көрсөттү. Ырчы катары элдин колдоосуна ээ болуу менен мыйзам жазып, элдин өкүлү катары эл жүгүн аркалоо такыр башка экенин ойлоп да коюшпады. Шоу менен саясаттын аралашуусу – Кыргызстанда буга чейин сезилген көрүнүштү айкындады – парламент эң чоң сахна, илим-билимдүүлөр эмес, “таланты” таш жарган “артисттердин” театры. Келечектеги “саясий-шоу” эмес, “шоу-саясат”.
Чоочулатчу нерсе, улам кийинки чакырылыштын сапаты начарлап баратат. 6-чакырылышты көрүп, бир убакта сынга алынган 5-чакырылыш анын алдында атан төөдөй экенине көз жетти эле. “Жаркыраган жылдыздарды” жетелеген партиялар төрдөн орун алса, 7-чакырылышты элестетүүдөн жүрөк түшөт.
Акбермет Айжигитова, Булак: "Майдан. kg" гезити