Партия деген балээ, партиялык шайлоо менен келген олигархтар, бандиттик кландар, бизди туңгуюкка алып келди. Ушундай сапатсыз, бирок акчасы бар адамдар эл өкүлү болуп дагы да келгени турат. Бир райондон 5 чейин депутат чогулуп калып жатат, ал эми башка райондон 1 дагы эл өкүлү жок. Тең салмактуулук кайда? Мындай система бизге болбойт, реформанын "Р" деген тамгасы дагы болбойт.
Биз таптакыр талкаланып бүткүчө, тез арада бир мандаттуу шайлоого кайтып келишибиз зарыл. Бир райондун эли билет, ким иштеп прогресс алып келерин, ошондуктан татыктуусу утуп келет. Ал эми бүгүнкү күндө, такыр аты чыкпаган, бирок акчасы барлар пайда болуп парламентке келип жатат. Азыр 100 000 миңден - 1 000 000 млн. $ чейин берген адамдар, биринчиден өзүнүн бергенин кайтарам деп аракет кылат, ал эми элдин көйгөйлөрү экинчи орунда турат. Эмнеге биз ушундайды билип, түшүнүп, макул болуп, жол берип отурабыз??? Же биз таптакыр маңкуртка айландыкпы??? Биздин ата-бабалар ушундай болгула деп биз үчүн кан төккөн беле???
Мелис Аспеков, жарандык активист