Бүгүн, 13-августта "Мекенчил" саясий партиясынын съезди болууда. Анда партиянын теңтөрагасы Камчыбек Ташиев элдин бүйүрүн кызыткан бир катар суроолорго жооп кайтарды. Андай суроолордун басымдуусу  “Эмне үчүн “Ата-Журт” партиясы шайлоого катышкан жок? Эмнеге Камчыбек Ташиев “Мекенчил” партиясын жетектеп жарышка катышып жатат?” - экени маалым. 

"Көпчүлүк тарапташтарым, шайлоочулар туура маселе коюушууда. Анткени, “Ата-Журт” калың элдин колдоосун алган, 1-2-орунду багындырып келген партия. Мына ошол партияны түптөп чыкканда да, азыркы “Мекенчил” саясий партиясын уюштурганда да биз, Садыр Жапаров экөөбүз башында турганбыз. Биз “Ата-Журт” менен деле шайлоого катышсак эч ким тоскоолдук кылмак эмес, бирок, азыркы кырдаалда мекен “Мекенчил” партиясына, мекенчилдик идеясына муктаж болуп турганын сездик! Мындай чечимди кабыл алуу оңой турган жок, ошентсе да азыр ар бир кыргызстандык, айрыкча пандемиядан кийин дилинде, жүрөгүндө ата-журтуна күйгөн мекенчил сезим менен жашай баштаганын сездик. Демек, аларга да өз тандоосун жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берүү керек! “Мекенчил” партиясы ошондой адамдардын тууру!", - деди саясатчы. 

Ал Садыр Жапаровдун акыйкаттыксыздык менен күрөшөм деп кыйынчылыкка кабылганын эске салды. "Мекенчил" партиясынын шайлоого баруусунун башкы максаты - Садыр Жапаровду эркиндикке чыгаруу экендигин да белгиледи.

"Мындан тышкары, азыр бул жерде олтурган мекенчилдер, канчалаган жылдар бою Садыр Жапаровдун башына түшкөн акыйкатсыздык менен күрөшүп келе жатасыздар, кылбаган нерсеңиздер калган жок, митинг уюштуруп куугунтук жеген күндөрүңүздөр эстен чыккан жок. Бирок, бул аракеттин бири да Садыр досумдун тагдырына оң таасир берген жок. Ошондуктан, биз “Мекенчил” партиясын бийликке алып келип, мыйзамдуу жолдор менен Садыр Жапаровду азаттыкка чыгаруу керектигин туура көрдүк! Менин жүрөгүм Садырды абактан чыгарып алмайын тынчыбайт! Ата-журтубуз Садырдай мекенчил уулдун кызматына муктаж болуп турат, ал бүткүл жандүйнөсү менен кыргыз элинин мыкты жашашын каалайт! Кудай буюрса биз жеңип келсек, Садыр Жапаровду бошотуп, эл керегине кызмат кылдырабыз!" - деди Камчыбек Ташиев.