"Ансыз да араңжан экономикабыз пандемияда терең кризиске батып калды", - деди саясатчы Камчыбек Ташиев "Мекенчил" саясий партиясынын курултайында. 

Ал 4-октябрга белгиленген шайлоо бардык жарандардан өзгөчө жоопкерчиликти талап кылаарын белгиледи. 

"Биздин бүгүнкү жыйыныбыз өтө оор мезгилге туш келип олтурат. Коронавирустук инфекциянын жайылышынын фонунда ансыз да араңжан абалда болуп келген экономиканын бардык багыттарын терең кризис каптады! Үстүбүздөгү жылдын 4-октябрында боло турган шайлоолор ошол үчүн да бардыгыбыздан мурда болуп көрбөгөндөй жоопкерчиликти талап кылат! Анткени, жаңы Жогорку Кеңеш адатка айлангандай, мурдунун учунан алысты көрө албаган, жеке кызыкчылыгын көздөгөн көрпенделерден түзүлө турган болсо – ачык айтып коюу керек, башыбызга түшкөн оор сыноону таптакыр жеңе албайбыз! Биздин партиянын гимнинде “Мекенчил боло кой, мекенчил!”- деп ырдалып турганы дагы ошондон. Бүгүн ата-журтуна чын жүрөгүнөн күйгөн адамдар гана Кыргызстанды кыйроодон сактап калууга жөндөмдүү! Бул күч мекенчилдер, бул – “Мекенчил” партиясы! Биз, “Мекенчилдер”, парламенттик шайлоого жөн гана статистика үчүн катышып жаткан жокпуз, биздин катарыбыз калың, Кудайым буюрса, жеңиш биз тарапта болот, ошондо өлкөнү болуп көрбөгөндөй өзгөртөбүз, буга көзүм жетип турат!" - деди Камчыбек Ташиев.