Эртең, 13-августта Бишкекте Камчыбек Ташиев жетектеген “Мекенчил” саясий партиясынын курултайы болуп өтөт. Көпчүлүккө досу С.Жапаровдун партиясын шайлоого алып чыгууга белсенип жаткан Камчыбек Ташиевдин чыныгы эмнени мээлжеп жатканы түшүнүксүз. Себеби, бул партияга кимдер кошулуп жатат, тизмесинде кимдер бар экендиги, финансылык абалы кантип атат ж.б. суроолорго таптакыр жооп жок. Штаб иштеп атканы менен, тыңгылыктуу маалымат бербей, маалыматтык вакуум түзүшүүдө. Болжолу, мунун баарына партиянын курултайынан жооп алат окшойбуз. Негизи, К.Ташиев шайлоолорго келгенде жолдуу жигит. Алгач “Ата-Журтту” анан “Республика – Ата-Журтту” жеңишке алып келген. Бул сапар да анда “икс” планы бар болсо керек?
Булак: "Майдан. kg" гезити