Муну азырынча так билбейбиз. Бирок айрым имиш кептерге ишенсек, Асылбек Жээнбековдун парламенттик шайлоого катышкысы жок экен. Сыягы, “президенттин иниси парламентке келип, мыйзам чыгаруу бийлик бутагын бийлеп алды” деген сыяктуу сөздөрдөн алыс болуп, президент агасына сөз тийгиси келбей жатат окшойт. Эгерде андай болсо, анда бул сый урматка татыктуу чечим. Бирок, ошол эле мезгилде Башмыйзамда, башка шайлоо мыйзамдарында “президенттин иниси парламенттик шайлоого катыша албайт”- деп чектеген норма жок. Анткени, депутаттык дайындалуучу эмес, шайлануучу кызмат. Демек, Асылбек Жээнбековдун шайлоого катышууга толук укугу бар. Болгону бизде мыйзамдын нормаларынан элдин, коомдун пикири, коомдун көзөмөлү күчтүү экендигин танууга болбойт. Асылбек мырза дал ушул коомдук пикирден чоочулап аткан болушу мүмкүн.
Булак: "Майдан. kg" гезити