Мындай пикирин КРнын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров маалымат каражаттарынын бирине берген маегинде айтты.
“Эл, эл дейбиз, элден мурда ошол элге өз депутатын өзү тандап, шайлап ала турган укугун кайрып берүү керек. Элге ошол тубаса, табигый укугун бербеген соң, “Бир Болго” Алтынбек Сулайманов, “Ата Мекенге” Өмүрбек Текебаев, “Бүтүн Кыргызстанга” Адахан Мадумаров, “Биримдикке” президенттин жакындары, “Мекеним Кыргызстанга” Матраимовдор киргизип жатат деп капа болбош керек. Анткени, партия ээлери кимди киргизсе да, өздөрү билет. Макул эмессиңби Сариевге окшоп чыгып кет. Ошон үчүн мен 10 жылдан бери Кыргызстандын саясый коррупциясынын булагы болгон шайлоо системасын оңдойлу, депутаттарды тандоону партия ээлеринен кайтарып алып, кайра элге берели деп айтып атып, жаагым тешилди. Уккан киши жок. Ушунун кесепетинен эл өз кен байлыгына ээ эмес, өз депутатын шайлай албайт. Партия лидерлери тизмеге киргизген гана адамдарды шайлайт! Бийликтин аткарып жаткан ишине көзөмөл кыла албайт деген сыяктуу толгон токой маселе бар. Система оңдолмоюнча эл, эл дегенди коё туруу керек. Жеке бир саясатчыны сындайбыз, ушундай коррупцияны төрөп, жаратып жаткан системаны сындоо жокко эсе болуп жатпайбы?!”, - деди.
Булак: “Майдан. kg” гезити