- Артур мырза, мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин камалганына, Кой-Таш окуясына туптуура бир жыл болду. Опурталдуу окуя өз баасын алдыбы?

- Кой-Таш окуясы Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу мамлекет башкарган, эки жолу премьер-министр, аскердик кол башчы болгон адам, конституциялык мамлекеттин түптөлүшүнө каршы чыкканы үчүн опурталдуу окуя болгон. Бир топ адам жарадар, бир киши каза болуп, ал опурталдуу окуя трагедия менен бүткөн. Жыйынтыгында, мурдагы  мамлекет башчысы жана ошол окуя орун алганда анын жанында болгондор камакка алынган. Убагында мамлекеттик комиссия түзүлүп, бул окуяга саясий-коомдук баа берүүгө аракет жасалган. Укуктук бааны териштирүү иштеринин негизинде укук коргоо органдары, сот процессинин жыйынтыгы менен берет деген ойдомун. Ошондой эле мезгили келгенде буга тарыхый баа берилет деп ойлойм. Упай топтойм деген саясатчылар да терең ойлонуп, адилеттүү баасын бериши керек. Эң негизгиси Кой-Таш окуясынан жөнөкөй адамдан, жогорку деңгээлдеги мамлекет башчыларына чейин чоң сабак алышы керек. Анткени, Кой-Таш окуясы мамлекеттик конституциялык түзүлүшкө каршы чыкпай, мыйзамдуулукту сыйлап, эч убакта бөлүнүп, жарылууга барбашыбыз керек экенин көрсөттү.

- Ал окуяга тиешеси бар деп камалгандардын баарынын күнөөсү аныкталганбы же саясий куугунтуктун негизинде эле камакка алынгандары барбы?

- Кой-Таш окуясына тийиштүү делип камакка алынгандардын күнөөсү аныкталып, такталганын укук коргоо органдары териштирүү иштеринин негизинде жана экспертизалык анализдеринин жыйынтыгы, сот процессинин чечими менен чыгарышат  деген ойдомун. Бирок, канткен менен Кой-Таш окуясында болгон окуяларга катышкан жана ошол жерде кокусунан кармалып, кийин териштирүү иштери менен үй камагына чыккан адамдардын баары күнөөлүүбү же күнөөсү жок экенин сот процессинин  чечиминде билинет. Ошентсе да камалгандардын арасынан өз алдынча бөлүп айтып кете турган фигура бар. Ал Курсан Асанов. Ал ошол окуянын айынан кармалып, бүгүнкү күндө иши сотко өткөнү коомчулукта катуу талкууланып, түрдүү пикирлерди, бүдөмүк ойлорду жаратууда...

- Кой-Таш окуясына коомдук-мамлекеттик комиссиялар реалдуу баасын бере алдыбы?

- Коомдук комиссиялар өздөрүнүн баасын кайсыл документтерге таянып берди? Алар кандай иштегенин толугу менен биле албайм. Ошон үчүн бир нерсе деп да айталбайм. Ал эми мамлекеттик комиссия үч ай иштеп, көптөгөн адамдар менен, ошондой эле ал окуяга катышкан күбөлөр менен жолуктук. Ошондой эле улуттук коопсуздук кызматынын жашыруун материалдары менен таанышканбыз. Кыскасы, адилеттүү жана акыйкаттуу жыйынтык чыгарганга аракет кылдык. Ошондой болсо да, мамлекеттик комиссия кээ бир саясатчылардын, кээ бир саясий партиялардын сын пикирине кабылдык. Бирок, кандай болгон күндө да бардык жагдайды эске алып, адилеттүү жыйынтык чыгарганга аракет кылдык. Үч ай эле убакыт берилгендиктен баарын иликтегенге убакыт аздык кылды.

- Кой-Таш окуясы боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссия Курсан Асанов алып жүргөн кызыл пакет боюнча маалымат алалдыңарбы?

- Атамбаевдин  үйүнөн Курсан Асанов алып чыккан кызыл пакет боюнча ар кандай сындар, табышмактар бүгүнкү күнгө чейин айтылып келе жатат. Чынын айтканда, ал баштыктын ичинде эмне бар экени ошол убактагы жана азыр жүрүп жаткан тергөөнүн жыйынтыгында айтылып, сот процессинде аныкталып, такталышы керек. Ал эми мамлекеттик комиссия ар бир деталга тергөөнүн купуя сыры болгону үчүн кийлигише албайт. 

- Равшан Жээнбеков дагы спецназдарды коргоп, ортого түшкөнүнө карабай камакка алынганы адилеттүү болдубу?

- Равшан Жээнбеков августтагы болгон окуяга кандайча барып калганы мага белгисиз. Анын  айтымында, ал тынчтыкты сактоого, элди провокацияга алдырбай тынчтыкка чакырууга аракет кылганын  айткан. Бирок, тилекке каршы, тергөө иштерин териштирүү аныктоо, тактоо иштеринин негизинде биринчи күбө катары суралып, анан шектүү болуп, камакка алынды. Ошон үчүн тергөө иштери сот процесстеринин жыйынтыгы чыккандан кийин Равшан Жээнбековду камоо канчалык деңгээлде адилеттүү болгон болбогонун  билебиз.  

Арина Рысбаева, Булак: “Майдан. kg” гезити