- Турсунбек мырза, Бектур Асанов билдирүү таркатты. Бетме-бет туруп, түз эфирге чыктыңар. Бири-бириңерге болгон сыныңарды, дооматыңарды айттыңар. Анын шайлоо алдында бийликке койгон талаптары орундуубу?
- Бектур Асановдун бийликке койгон кээ бир талаптары негиздүү. Бирок, көпчүлүк талабы популизм болуп калды. Ал “шайлоо алдында партиямдын атын чыгарып калайын, элдин көзүнө көрүнүп калайын”- деп популизмге алдырып, катачылыкка жол берди. Чынында Бектур “Раим-миллионду президентке чаптасам эле утушка ээ болом, элдин колдоосуна татыйм”- деп отурат. Анын бул кадамы акылсыздык, тагыраагы бул жаңылыштык. Раимбек Матраимов эбак эле модадан түшкөн. Аны сындоо упай деле алып келбейт. Ага болбой президентке чаптап, эптеп караласам, коомдук пикир жаратсам деген саясат менен алек болуп жатат. Кыргызстанда бешиктеги балдар Матраимов деп ыйлап, Матраимов деп сооронуп жатышат. Ошон үчүн Раимбек Матраимовду сындоо эрдикке жатпайт. Аны легендага айлантам деген Бектур бул жагынан артта калып калды. “Азаттыкка” болсо кудай берип, улам козутуп, Бектурду баатыр кылып жатышат. Чынында Бектур бул аракети менен Кыргызстандын саясатын изилдеп жүргөн адамдарга жек көрүнүп, берген убадасына, айткан сөзүнө турбаган адам экенин билгизип алды
Мен Раим Матраимовго жан тартпайм. Аны өмүрү көргөн эмесмин. Элге кандай кызмат кылганын да билбейм. Ал мен үчүн эч ким эмес. Күнөөсү болсо жоопко тартышсын. Чынында Раимбек Матраимовду президентке эмес, Атамбаевге байлаш керек. Ал Бажы кызматынын орун басары болуп, Атамбаевдин мезгилинде иштеди. Бектур иним моралдык жактан туура эмес иш кылып, акылсыздык кылып, эркиндикке чыгарган президентке асылды.
Матраимовго байланышкан иш боюнча парламенттик комиссия түзүлүп, Финполиция иликтеп, өзүнүн чечимин чыгарды. Башкы прокуратура изилдеди. Бирок, жыйынтыгы кандай чыкканын билбейм. Ошон үчүн ал боюнча эч нерсе айта албайм. Бектур унчукпай жүрүп, шайлоонун алдында бирөөлөрдүн шыкактоосу менен президентке асылып жатканы орунсуз экенин, айтып, берген убадаларына турбаганын баса белгилөөгө аргасыз болуп жатам.
- Баса, Бектур Асанов камакта жатканда ортомчу болгонуңуз чынбы?
- Чын. Ортомчу болгом. Смс жазып, жалынып, жалбарып “ортого түшүңүз” деп суранган. Анын камактан кыйналып жатканын, үй-бүлөсүнүн кыйналып аткандарын эске алып, президентке жана тиешелүү органдардын баарына кайрылып, адилет чечим кабыл алынышын сурангам. Себеби, Бектур Асанов “Атамбаевге караганда Сооронбай Жээнбековду колдойм, сыйлайм. Ушул айкөл киши бийликте турганда эптеп эле бошонуп алсам болот эле. Азыркы бийликке унчукпайм. Президенттин эмгегин сөзсүз түрдө баалайм. Ал кишинин алдыга койгон максаттарын да туура көрөм. Жакшы жолго түштү. Жаман ишке барган жок” деген сөздөрдү айтып, мен талап кылбасам деле укмуштуудай убадаларды берген. Ошон үчүн мен анын айткандарын айтып жатам. Эгер ал ошондо эле чыгар замат өз пикиримди билдирем дегенде мен унчукпайт болчумун. Анын мага жазгандарын, берген убадаларын да айтпайт элем.
- Анын ортого түш деп суранганын, смстерин сиз эле билесизби же башкалар да кабардарбы?
- Кубанычбек Кадыров да билет. Ал күбө. Урматтуу жарналисттер мага ишенбесеңер Кубанычбек Кадыровдон сурасаңар болот. Кубанычбек Кадыров берген убадасын аткарды. Бектурдай кыйшыңдаган ишке барган жок.
- Бектур Асанов элге көрүнүүнүн айласы менен ушундай кадамга бардыбы же анын түпкүлүгүндө башка максаты барбы?
- Менимче Бектур “Эгемен Кыргызстан” деген партиясын атын чыгарайын деп жатат. Ошондой эле “Конституциянын атасы” деген атасынын тапшырмасын аткарып, ушундай кадамга барды окшойт деген ойдомун. Атасы убагында муну Жалал-Абадга жөнөтүп, Атамбаевге каршы багыттап, камалып калганда, кыйын күнгө кептелип, ачкачылык кармаганда Бектурду сурап да койгон эмес. Эми болсо анын акылы менен билдирүү жасап, президентке доомат коюп, шайлоодон кийин эл аралык уюмдарга кат жазып, революция уюштурууну максат кылып жатат.
- Бирок, ал сиз өзүңүздүн кызыкчылыгыңыз үчүн ортого түшкөн деген ойду айтты го?
- Бектурдкун депутат болгонун, губернатор болгонун, демократиялык кыймылдарда жүргөнүн эске алып, жалынып, жалбарганда ортомчу болгом. Андан бир сом да алган эмесмин. Болгону чын дилимден эркиндикке чыгып алышын каалагам. Эми болсо уялбай этпей эле “дүжүр аксакал болбой, жакшы карыбайсызбы” деген доомат койду. Орунсуз кептерди айтты. Ошон үчүн анын мага берген убадаларын айтып, калпыстыкка жол бергенине токтолуп атам. Себеби, анын президентке доомат койгонго кымындай да моралдык укугу жок. Ал керек болсо, президентке өмүр бою ыраазычылыгын айтышы керек.
Арина Рысбаева, Булак: “Майдан. kg” гезити