Бул тууралуу ал «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.
Ал бул шайлоодо акчанын атаандаштыгы болуп каражат көп кетерин, шайлоочулар программа, идея жөнүндө эмес, «Ким канча берет экен?» деген суроону көп берип жатканын айтты.
«Ал эми жалган саясатчылардын жеке кызыкчылыгы мамлекеттин кызыкчылыгынан жогору болуп калды. Бул жакшы эмес көрүнүш. Жогорку Кеңештин VII чакырылышы реформа жүргүзгөн, өзгөртүү кылган парламент болоруна менин көзүм жетпейт», - деп жазды Төрөбаев.
«Өнүгүү-Прогресс» партиясы 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо 14 миңден ашуун шайлоочунун добушун алган. Жогорку Кеңеште 13 мандаты бар. Төрөбаев ал жетектеген партия алдыдагы парламенттик шайлоого катышпай турганын мурда эле айткан. Бирок жеке өзү башка партия менен шайлоо катышар-катышпасын билдире элек болчу.
Кыргызстандагы кезектеги парламенттик шайлоо быйыл 4-октябрга пландалууда. Шайлоого катышкысы келерин жалпысынан 44 саясий партия билдирген.
Булак: Азаттык