Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Тиешелүү чечимге премьер-министр Кубатбек Боронов кол койгон.

Белгилей кетсек, буга чейин Ош облусунун жетекчиси Узарбек Жылкыбаев шайлоого аттанып жаткандыктан кызмат ордунан кеткен.

Узарбек Жылкыбаев Ош облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү кызматын 2018-жылдын июль айынан бери аркалап келген.

Ал эми Байыш Юсупов облус жетекчисинин биринчи орун басары болчу.

Булак: media-center.kg