-Айгүл эже, жолдошуңуз Садыр Жапаровтун адвокаты Шарабидин Токтосунов “акчаң жок, сенин маселең чечилбей жатат деп айтты, мен ошол үчүн Бүтүн Кыргызстанга кетип калдым деп”,- маек берди. Сиз ошентип айттыңыз беле?

-Кудай көрүп турат, жаныбызда башка адамдар да бар эле. Акчаңыз жок маселеңиз чечилбей жатат деген сөздү айткан эмесмин. Шарабидин байке алдыңкы ондукка кирбей калыпмын деп таарынып жатат деген сөздү угуп, мекенчилдердин баарын штабка чогултканбыз, “Шарабидин байке, өтө турган орунда эле болосуз” деп айталы деп. “Алдыңкы ондукта болушум керек, болбосо эртерээк айткыла, мен башка партия менен барышым керек”,- деди. Азырынча тизме белгисиз. Алдыңкы тизмеде тургандар шайлоонун чыгымдарын көтөрүшкүлө деп атышат, мен дагы уулум Дастандан калган квартирасын сатып, төгүп бердим, 5 миллион сом күрөө төлөш керек турбайбы. Андан сырткары мыйзамда каралган чыгымдардын да саны өтө көп экен.Ошого бир аз да болсо жардам болсун деп айттым. Андан эч ким акча сураган жок.
“Сизди өтө турган орунга коёлу деп атышат. Буюрса өтөсүз”,- деген сөздөр болгон. Биринчи ондукта болбосом макул эмесмин деп кетип калды. Шарабидин байке абдан жакшы адам, Садырды коргоп жүрдү. Албетте,бекер эмес, Садыр үчүн эмгек акыларын төлөп бергенбиз. Ал эми Садыр менен кошо камалган балдарга адвокат болгонун толук төлөй албай калганыбыз чын. Кептин чынын айтышыбыз керек. Анын баарын Садыр өзү билет. Аман болсок өзү чыкса көп чындыктын баарын айтып берет.

-Сиз дагы шайлоого аттандыңызбы?

-Ооба.

-Сизди түшүнүп турам. Саясатта жүрбөсөңүз да өлкөдөгү башаламандыкты көрүп карап тура албагандыгыңызды сездим.

-Ооба. Саясатка баруу максатымды баары эле түшүнүп турса керек. Үч жарым жылдан бери жолдошум камакта жатат. Акыйкаттык, адилеттүүлүк жок. Мыйзамдар баарына иштейт, Садырга келгенде эле иштебей калат. Митинг да кылып көрдүк, пикетте да жүрдүк, президентке, парламентке кайрылдык. Эч бир майнап чыкпады. Биздин башыбыздан өткөн оор жоготууларды, кыйынчылыктарды душманга да каалабайбыз.

Депутаттар мыйзамдуулукту орнотмок түгүл Садырдын же Кумтөрдүн атын атагандан коркушат экен. Ошол үчүн партиябыз жеңип чыгып, Жогорку Кеңешке барып калсак, Садырды өзүбүз чыгарып алабыз деген максат менен бара жатабыз. Албетте, эгер көпчүлүк эл добушун берсе, ”Мекенчилдер” партиясын колдосо. Садыр эле эмес, миңдеген карапайым элдердин балдары адилетсиз камакта жатышат. Мен Садырга барган сайын көрүп жүрөм. Садыр да боору ооруп айтып берет. Ошолордун баарын тынчтык жана мыйзамдын жолу менен чыгарып алалы деген максат менен бара жатабыз. Башка эч бир аргабыз калбады.

-Тизмеде Ташиевден кийин экинчи болуп Сабыр Жапаров бар экен..?

-Тизмени Камчыбек Кыдыршаевич чечет. Экинчи болуп Жапаров туруш керек деп чечиптир.
Мени болсо аялдардын квотасы менен аялдардын башын бириктирип барышың керек деди. Мен макул болдум.
Бизге, Жапаровдорго, байлык-бийлик керек эмес. Өзүңөр билесиңер, Садыр саясатта 15 жылдан бери жүрдү. Эки жолу депутат болду, Комиссар болуп иштеди. Ушул аралыкта бир дагы өзүнүн бир тууганын мамлекеттик кызматтарга койгон жок. Бирин аким, экинчисин губернатор кылып койсо болот эле. Антпеди. Бир үйдөн бир эле саясатчы чыксын деген принцип менен Жапаровдордун бирөө дагы мамлекеттин иштерине барган эмес, саясатка аралашпадык. Жалгыз Садыр саясатта жүргөн. Камчыбек Кыдыршаевич менен 15 жылдан бери үй-бүлөбүз менен достук мамиледебиз. Ал дагы бир тууганын мамлекеттик кызматка койгон жок. Азыр эми Садырды жана түрмөлөрдө адилетсиз жаткан карапайым калктын балдарын чыгарып алалы, адилеттүүлүктү, мыйзамдуулукту орнотолу деп бара жатабыз. Эртең биз Жогорку Кенешке барып, Садырды чыгарып, ал бийлике келсе бир мүнөт ошол жакта отурбайбыз. Дароо арыз жазып, чыгып кетебиз. Биздин ага эркибиз жетет.

-Жогорку Кеңешке барсаңар эле чыгарып алышка көзүңөр жетеби? Садыр агайдын чыкпашына ички да, сырткы да күчтөр кызыкдар деп жүрүшпөйбү?

-Менин түшүнүгүм боюнча көпчүлүк орунду алып келсек, биз өкмөттү курат экенбиз. Премьер-министр биздин партиядан болот экен. Кудайым буюруп ушундай болуп калса сөзсүз чыгат эле да. Ошол үчүн эл көпчүлүк добушун бизге берсе экен деп үмүт кылып турабыз.

-Көпчүлүк депутаттык орунду алыш үчүн силер жалпы шайлоочулардын кеминде 51 пайызына ээ болушуңар керек. 51 пайызына ээ болуш үчүн жок дегенде 15-20 миллион доллар каражат жумшаш керек. Ошончо акча барбы? Дегеле кайсы олигархтар бар катарыңарда? Башка партияларда жалаң аты жок,бирок акчалуулар жүрүшөт.

-Эч бир олигарх жок үчүн алдында турган кандидаттарды шайлоонун чыгымын көтөрүшкүлө деп атышат да. Биз бир дагы олигархка же башка бир күчтөргө көз каранды болгубуз келген жок. Өз каражаттарыбыз менен баралы деп чечкенбиз. Ар ким өз алына жараша кассага акча төгүп жатышат. Элден да жардамдар келип жатат. Эгер олигархтын же чет элдик миллиардерлердин акчасы менен барсак, анда ошого көз каранды болуп, беш жыл анын кызыкчылыгы үчүн иштешибиз керек болот. Партиялык шайлоонун шарттары ушундай экен.

“Мекенчилдер” партиясында жалаң карапайым,жөнөкөй жарандар мүчө. Өзгөчө, чет жерде жүргөн эмгек мигранттарыбыз бар катарбызыда. Биз элдин кызыкчылыгын көздөп келгенбиз, мындан ары да элдин жашоосун жеңилдетүү үчүн шайлоого аттандык.

Чынын айтсам мындай шайлоо, мындай система элге жакпаган сыяктуу мага деле жаккан жок. Бай болсоң шайлоого бар, кедей болсоң барбайсың деген система экен. А дегенде эле БШКга 5 миллион сом күрөө төлөшүң керек экен. Андан кийин штабдын чыгымдары, теле-радио, газета, интернет жана башка чыгымдар болуп, 4-5 миллион доллардын чыгымы кетет экен. Бул бери жагы эле. Ал эми бай партиялар 30 миллион доллар коротуп жатышат деп угуп жатабыз. Ушундай система кантип болсун. Беш жыл сайын бир жолу шайлоодо акча чачмай, кайра парламентке келип беш жыл бою элдин канын сормой. Куруп калсын ушундай башкаруу система.

Маектешкен Алтынай Арстанбекова