“Гүлчөтайдын» чыныгы жүзү

Динара Ошурахунова деген айым жетектеген “Жарандык көзөмөл комитети” деген өкмөттүк эмес уюм Равшан Жээнбековду саясый туткун деп жарыялап, аны үй камагына чыгарууну жана сапаттуу дарыланууга мүмкүнчүлүк берүүнү талап кылды. Дүйнөлүк укуктук практикада убактылуу кармоочу жайга киргизилгендердин күнөөлүү же күнөөлүү эместиги жөнүндө сот гана вердикт чыгара алат, калгандардын ага укугу жок. Эмне үчүн көп НПОлордун бири болгон “жарандык көзөмөл комитети” тергеп-тескөөнүн жыйынтыгы чыгарыла электе андай мыйзамсыз саясый бүтүмгө келди? Бул чектен чыккан өзүнчө маселе, ал жөнүндө пикирибизди айтуудан мурда Равшан Жээнбековдун кандай маселелер боюнча кармалып, айыпталып жаткандыгын эсиңиздерге сала кеткибиз келет.

Адегенде эле айта кетчү нерсе, Равшан Жээнбековго карата республикабыздын укук коргоо органдары аябагандай гумандуу, сабырдуу, атүгүл либералдуу мамиле жасашты. 2019-жылдын 7-8-августундагы Кой-Таштагы каргашалуу кандуу окуялардын фигуранттары 8-августта, калгандары андан кийинки күндөрү эле кармалып, убактылуу кармоочу жайларга киргизилишсе, Р.Жээнбеков 2019-жылдын 12- декабрына чейин эркиндикте жүрдү. Ал адегенде күбө катары суралды, анан тергеп-тескөөнүн жүрүшүндө шектүүгө айланды.

Акырында каргашалуу окуяларга активдүү катышкандардын же “Кой-Таш республикасындагы” абалды ичинен жакшы билгендердин көрсөтмөлөрүнүн, бир катар документтердин негизинде күнөөлүү деп табылып, СИЗОго киргизилди. Ал кандуу окуяларга чейин деле ЖМКларга оңду-солду интервьюларды берип, элди деструктивдүү аракеттерге чакырып келгендигин жакшы билебиз. Көрсө ал ЖМКларда, эл алдында өтө катуу кетпеген менен АШАнын жашыруун жыйындарынын баарына катышып, бийликти күч менен басып алуунун жолдорун талкуулап, ал боюнча сунуштарын киргизип, АША түзгөн жашыруун өкмөттүн эң таасирдүү мүчөсүнүн милдетин аткарып келген экен. Эгерде алардын ойлору ишке ашса, Р.Жээнбековго биринчи-вице-премьерлик же каржы министрлиги же УКМК тиймек дешет. Мына ушундан улам Кылмыш-Жаза Кодексиндеги эң оор жети берене же “Альфанын” кызматкерлерин барымтага алуу, массалык башалаламандыктарды уюштуруу жана бийликти күч менен басып алуу, бийлик өкүлдөрүнө күч колдонуу, тергөөчүнүн ишине тоскоолдук кылуу, ок атуучу куралдарды жана окторду жана дарыларды уурдоону уюштуруу, топтун мүчөлөрү менен алдын ала сүйлөшүп алып кылмыш иштерин жасоо боюнча айыпталууда.

Мындай оор беренелер менен айыпталып жатканды эч кандай ынанымдуу далилдери жок туруп эч кандай күнөөсү жок “саясый туткун” деп жарыялоонун өзү – ашкере чектен чыккандык, укуктук нигилизмдин эң төмөнкү чеги, жалпак тилге салып айтканда, карөзгөй бет тырмарлыктын өзү болуп саналат. Эгерде бир журналист соттун өкүмү чыга электе убактылуу кармоочу жайда жаткандардын бирин күнөөлүү же тапктакыр күнөөсү жок деп жазып койсо, ал сөзсүз укуктук жактан тийиштүү чараларга кириптер кылынат. Андай фактылар жетишерлик. Эмне үчүн андай сайда сандары жок НПОлор тергеп-тескөөлөрдөгү материалдардын ондон бирин билбей турушуп, кармалгандар жөнүндө мунун таптакыр күнөөсү жок, тигиге карата мындай чаралар көрүлүшү керек деген маанилердеги билдирүүлөрдү тарката беришет? Же алар өздөрүн укук коргоочу деп жарыялап алышса эле Кыргызстандын мыйзамдарынан сырткары турган кол тийбестердин катарына кошулуп калышабы? Кичинекей өлкө үчүн 15-20 миңге жакын “кол тийбес” дүжүр акыл үйрөткүчтөр өтө эле көптүк кылбайбы?

 Биздин оюбузча, Д.Ошурахунова айым Батыштагы грант бергичтердин буйрутмасын гана аткарды. Алардан андай буйрук болбосо, ал минтип, Жогорку Соттун ыйгарымынан да жогору турган дембе билдирүү жасамак эмес.

Равшан Жээнбеков деген ким?

Р.Жээнбеков 2000-2002-жылдары Мамлекеттик мүлк фондусун жетектеп турганда 400дөн ашык ири обьектилер ит арзанга сатылып кеткендиги жөнүндө көп айтылды, көп жазылды. Шапкелери болбосо, Равшан мырза аларды жөн эле ит арзанга сатканга макулдук бербесе керек. Прихватташтыруунун, өлкөнүн жетимиш жыл бою жыйган байлыктарын массалык талап-тоноолордун фигуранттары жөнүндө сөз болгондо анын аты-жөнү Акаевдерден кийин эле биринчилерден болуп айтылат. Айлык менен гана жашап келген адам жалпы көлөмү 1 миллиард сомго жакын байлыкты кайдан, кандай жолдор менен топтогондугу жөнүндө да элге ынандырарлык маалымат бере элек.

Ал адегенде майлуу кызматтан алып салган Аскар Акаевдин жаалдуу оппонентине айланса, андан кийинки келген бийликтерди дайыма бир жылдай айланчыктап, анан өзүндөй одиоздуу инсанга мамлекеттик мүлк фондусундай майлуу-сүттүү жер колуна тийбесин билгенден кийин эле аларга да оппозициячыл болуп келатат. Ал убагында Алмаз Атамбаевге да оппозицияда болчу, бирок С.Жээнбеков ал эңсегендей кызмат бербегенден кийин АШАга кошулуп кеткен. Көрсө, ал “Форумда”, Кой-Ташта өткөрүлгөн жашыруун жыйындарда негизги дирижёрлордун бири болуп, тымызындан үчүнчү төңкөрүштү даярдоого активдүү катышып келген экен. Аны өзүнүн мурдагы саясый өнөктөштөрү ашкерелеп салышты. Соттук кароолордо коомчулукка белгисиз дагы көптөгөн жагдайлар ачыкка чыгары талашсыз. Эми ушундай адамды жогоруда аталган “Комитеттин” мүчөлөрү гепатит менен ооруп, ден соолугу начарлап кеткендиги үчүн үй камагына чыгаруу керек” деген талап коюп жатышат. Азыр Кыргызстандын түрмөлөрүндө 10 миңден ашык адам болсо, алардын 30 пайызынын ден соолуктары канааттандырарлык эмес. Д.Ошурахуновага окшогон “укук коргоочу” атпайлар кургак учуктан, жүрөккан тамыр жана онкологиялык оорулардан улам саламатчылыктары кескин начрлап бараткандарды эске алышпайт да эмнеге Р.Жээнбековду гана бөлүп алып, аны үй камагына чыгарууну талап кылып жатышат? Же Р. Жээнбеков Кыргызстанга өзгөчө эмгек сиңиргенби?

 Прихватташтырууда айрымдарга өзгөчө эмгек кылса кылгандыр, ал кампания да Батыштын талабы боюнча аткарылган, бирок Р.Жээнбеков Кыргызстан үчүн оозго аларлык позитивдүү бир нерсе жасагандыгын эч ким билбейт. Экинчи маселеге келсек, түрмөдө ар кандай оорулардан жапа чеккендер үчүн грант берейин деген эч ким болбогондуктан укук коргоочу атпайлар алар жөнүндө эстегилери да келишпейт.

Грант үчүн карганы да ак дегендер

Жакында президент 25-июлда түрмөдө кайтыш болгон А.Аскаровдун иши боюнча соттук процедуралардын бардыгы так сакталгандыгын айтты. Муну жалпак тилге салып чечмелегенде; “анын ишин кайра карап, соттук чечимди өзгөрткөнгө эч кандай укуктук негиз болгон жок” деген жыйынтык келип чыгат. Укук коргоочу болобу же катардагы жаранбы же маанилүү кызматкерби, эгерде анын адам өлтүрүүгө катышып, массалык башаламандыктарды уюштурууну жетектегендиги толугу менен аныкталса, эмне үчүн ага укук коргоочулар жактагандыгы же Батыштагылар кийлигишкендиги үчүн эле ага ырайым кылынышы керек эле?

Эгемендүү өлкөбүздүн өзүнүн көз карандысыз соттук системасы бар. Биз үчүн сырттагылардын же ички грант үчүн карганы да ак дегенге даяр турган дүжүр укук коргоочулардын пикирлери эмес, легитимдүү сот органдарынын чечимдери жогору турат. Ага ичтен, сырттан эч кимдин басым, кысым жасаганга укуктары жок.

Грант үчүн иштеген айрым НПОлордун жыйынтыктары менен Равшан Жээнбековдун ким экендиги, ал кандай иштерди жасагандыгы түгүл Кыргызстандын кайсыл континентте жайгашкандыгын деле дурустап билбеген, насил-нарктары жок рейтингдерди чыгаруу менен гана алектенген айрым эл аралык уюмдар, бирикмелер да Р.Жээнбековду “саясый туткун» деп табуулары толук мүмкүн. Алар үчүн Р.Жээнбеков “Батышчыл саясатчы, бир нече жыл АКШда жашаган” деген формулировка эле жетишет. Бирок, биздин укук коргоо органдарыбыз, бийликтегилерибиз сайда сандары жок НПОлор, практикалык пайдалары жокко эсе эл аралык уюмдардын негизсиз амбицияларын канааттандырууга эмес, мыйзамдуулуктун, соттук көз карандысыздыктын бекем сакталуусуна артыкчылык берүүлөрү зарыл.

Биринчи качкын президенттин тушунда НПО, эл аралык уюм атпайлар Кыргызстанды толук оккупациялап алышып, билгендерин жасашып, Акаевди тыйынча пайдасы жок рейтингдер менен алдап турушкан. Рейтинг-прейтингдер дегендин практикалык мааниси жокко эсе, ал НПОшниктерге эрмек болуу үчүн эле чыгарылган нерселер экендигин биринчи качкын президенттин тагдыры толугу менен ырастады. Инвестициялардын бардыгы рейтингдерди уруп деле койбогон кошуналарыбызга келүүдө. Алсак, авторитардык башкаруудагы Казакстан көз карандысыздыгынан бери 200 миллиард доллардан ашык түз инвестиция тартты. Толук агрардык республика деп эсептелип келген Өзбекстан индустриалдык державага айланды. Эл аралык уюмдардын, НПОлордун жетектеринде жүрүп Кыргызстан КМШдагы эң арткы орунду бекем ээлегенден бшка эч нерсеге жетишпеди.

Эл аралык уюмдар тарабынан жакшы пикирлер көп айтылган, рейтинги жогору делген Кыргызстанга кредиттер гана берилүүдө. Анын жалпы көлөмү деле 29 жылга бөлө келгенде 500 миллион долларга деле жетпейт.

Мындай шартта дүжүр грант жегичтерди, акыл үйрөткөндөн башка реалдуу пайдалары жок, коррупцияны өнүктүрүүгө гана шериктеш болгон эл аралык гастролёрлорду төбөгө чыгара берүүнүн кажети жок. Аларды өз ордуларына бекем отургузуп, саясатка, соттук иштерге кийлигишүүлөрүнө тыйуу салуу керек. Бир да цивилдүү өлкөдө сырттан каржылангандар, гастролёрлор эгемендүү өлкөнүн ички саясатына аралаштырылбайт.

“Майдан. kg” гезити