Кыргызстан шайлоо алдында турат. Ошого жараша саясий күчтөрдүн, лидерлердин “броундук” кыймылы күчтүү. Кайсы бир саясатчылар биригип, кайра ажырашып, жаңы жээк издеп жаткандары бар. Бул шайлоо алдындагы табийгий көрүнүш.

Маселен, “Ата Мекен” партиясы алгачкылардан болуп саясий күчтөрдү бириктирүүгө аракет жасады. Бирок ал негедир өр алып, кулач жайып кете албады. Муну байкаган жана сезген Темир Сариев анын катарынан чыкканын жарыялады...

Мындан башка саясий партиялар да жаңы күчтөрдү, абройлуу эски саясатчыларды катарына тартып, шайлоого чейин бекемделип алуунун аракетинде. Буга “Бир бол”, “Мекенчилдер” партияларынын ичинде болуп жаткан жараяндар күбө.

Бийлик болсо өзүнүн “Биримдик” партиясы жана жандоочу-олигархиялык “Мекеним Кыргызстан”, “Кыргызстан” партияларын парламентке алып келип, азыркы ашмалтай, чоркок саясатын улантып, бандиттик-олигархиялык системаны өркүндөтүүгө, Кыргызстандын мына ошолордун колунда калтырууга жанталашып жатат.

Мына ушундай учурда “Бүтүн Кыргызстан” партиясы өзүнүн туруктуу оппозициялык позициясы менен салабаттуу жана абройлуу саясатчылардын биригүү борборуна айланып баратканы байкалат. Бул тенденция акыркы кезде күчөп, өзүнүн апогейине август айынын орто чендерине барып чыгары шексиз.

Бүгүнкү күндө “Бүтүн Кыргызстан” партиясы менен парламенттик шайлоого аттанууга ниет кылгандар арасында Өмүрбек Суваналиев, Исхак Масалиев, Алтынай Өмүрбекова, Зияш Жамалидинов, Ишенбай Кадырбеков, Турсунбай Бакир уулу, Ташполот Балтабаев, Жеңишбек Байгуттиев сыяктуу кадыр-барктуу, коррупциялык иштерге аралашпаган таза саясатчылар бар экендиги тууралуу кабарыбыз бар.

Мына кечээ жакында Садыр Жапаровдун адвокаты Шарабидин Токтосунов “Мекенчилдер” катарынан чыгып, “Бүтүн Кыргызстандын” катарына кошулганын билдирди.

“Ата Мекендин” катарынан чыккан Темир Сариевдин да “Бүтүн Кыргызстандын” катарына келип калышы ажеп эмес. Анткени “Бүтүн Кыргызстан” лидери Адахан Мадумаров менен “Ак шумкардын” лидери Темир Сариевдин ортосунда жакшы мамиле эле эмес, мамлекеттүүлүктү алдыга койгон пикирлештик дагы бар.

Мындан башка билинбеген же өзүн ачыкка чыгарбоону каалаган күчтөрдүн, саясатчылардын тымызын аракеттери бар.

“Бүтүн Кыргызстандын” айланасына чогулуу тенденциясы жаш саясатчы, популярдуу блогерлер, журналисттер арасында да байкалат. Назаркул Жоошбаев, Чыңгыз Капаров, Орозайым Нарматова, Назгүл Эшеналиева жана башка активдүү жаштар өздөрүн “Бүтүн Кыргызстандын” катарында көрүшөт.

Өзүңүздөр байкагандай азыркы кезде мамлекеттин, элдин келечегин бандиттик-олигархиялык топтун колуна салып бербеш үчүн биригүү жараяны жүрүп жатат. Бул биригүү тенденциясы “Бүтүн Кыргызстандын” айланасында жүрүүдө.

Жараткан өзү колдосун!

Айданбек Акматов, журналист