Учурга карата 4-октябрдагы парламенттик шайлоого 44 партия катыша тургандыгын билдиришти. Алардын арасында мурдатан шайлоочуларга тааныш болуп калгандары, жаңыдан түзүлгөндөрү, мындан бир канча жыл мурда түзүлсө да саясый аренага чыкпагандыктан элдин басымдуу көпчүлүгү билбегендери да бар.

Бирок, биздин саясый системада партиянын мурда, кийин түзүлгөндүгү, идеологиясы эч кандай деле роль ойнобойт. Акчасы, арасында жок дегенде бирден районду болбосо да анын үчтөн бир бөлүгүнө таасири өтө турган адамдары бар болгон партия эле фавориттердин катарына кошулуп кетет. Алсак, “Бир Бол”, “Өнүгүү-Прогресс” партиялары 2015-жылдагы шайлоонун алдында түзүлгөндүгүнө карабастан босоголук чектен өтүп кетишкен. Көз карандысыздыктан бери саясый аренада келаткан Кыргызстан коммунисттер партиясынын лидери “Өнүгүү-Прогресске” кошулуп, парламентке араң кирген.

Мында ири райондордогу ири кландардан чыккан күркүлдөрдүн ролдору өзгөчө чоң болот. Алардын айрымдарынын бир партияга 3-4 пайыздык добушту жөн эле алып берип койгонго мүмкүнчүлүктөрү жетишет. Партиялардын ортосунда андай күркүлдөрдү өздөрүнө тартуу боюнча айыгышкан күрөш жүрүүдө. Бирок, күркүлдөргө сайда сандары жок же баштары ызы-чуулардан чыкпаган партиялардын ит бекерге да кереги жок. Акча тынчтыкты, туруктуулукту жакшы көрөт. Алар бийликтегилерге гана ыкташат. Демек, бийликчил партиялардын тизмелеринин эң ардактуу орундарын аймактарга таасирлери күчтүү күркүлдөр ээлерин бөркүңүздөй көрсөңүз болот.

Пропорционалдык система аркылуу шайлоо киргизилсе, партиялар өнүгөт дешти эле, ал өзүн актабады. Тескерисинче, партиялык коррупцияны, саясый сойкулукту гана күчөтүүдө. Алсак, “Жаңы дем” деп аталган бирикмеге социалисттердин лидери Өмүрбек Текебаев, республикачыл мүнөздөгү “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев, КСДПчы Рыскелди Момбеков, либералдардын лидери Жанар Акаев, жашылдарга ыктаган дагы эки-үч лидер атпай киргендиги эле бизде партиялардын лидерлери идеология, идеялар аркылуу эмес, эң примитивдүү – маа десе шайтандын куйругуна жабышсак да парламентке эптеп өтсөк болду деген идеологияны гана карманышарын далилдеп турат. Ал эми идея, идеологиялар үстөмдүк кылбаган жерде партиялар, саясый системалар өнүгүп жатат деп айтканга болбойт. Партияны башка топтордон, бирикмелерден айыhмалап турган негизги белги, ал—идеология. Ансыз партияны элестетүүгө мүмкүн эмес. Бизде топтордун деңгээлине чыга электер да өздөрүн “партия” деп жарыялап алып өздөрүн да кыйнашууда, элдин башын да айландырышууда.

Мындан аркы альянстар, блоктор, бирикмелер да “шайтандын куйругуна жабышсак да...” деген принципте түзүлөт. Имиштерге караганда “Республика”, “Замандаш” партияларынын лидерлери да альянс түзүү боюнча сүйлөшүп жатышыптыр. Демек, азырынча талапкер партиялар азыр 44 делген менен бул сан, албетте, өзгөрөт, каттоого чейин убакыт бар, азыр партиялардын арасында альянстарды, блокторду түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Анткени, партиялардын өз алдыларынча босоголук чектен өтүүлөрү эң эле кыйын. Андай ырыс бийликтики делген “Биримдик” менен “Мекеним Кыргызстандын” шыбагаларына гана буйрушу мүмкүн.

Парламент саясий туруксуздуктун очогуна айланбашы керек

2015-жылдагы парламенттик шайлоонун босоголук чеги 7 пайыз болсо, эки жылдан кийин ал 9 пайызга чыгарылган. Быйыл ал кайра 7 пайызга түшүрүлдү. Менин оюмча, ал 9 пайыз боюнча калтырылса, партиялардын ирилешүүсүнө, келечектеги парламенттин туруктуу болуусуна оң таасирин тийгизмек. Анткени, парламентке 2-3 партия өтсө эле жетишет. АКШ, Англия, Германия, Япония сыяктуу ж.б. өлкөлөрдө парламенттеги партиялардын сандары 2-3төн ашпайт. Биз гана мамлекетке , элге эч кандай пайдасы жок курулай популизм үчүн гана босоголук чекти кээде 5 пайызга чейин түшүрүп, парламентке 6-7ден партия атпайды өткөрүп, саясый туруксуздукту өз колубуз менен жасап келатабыз.

Эгерде парламентте бир партия басымдуу көпчүлүктү түзбөсө, парламент коомго саясый туруксуздукту таркатуунун очогуна айланып, өкмөттү ар тараптан шантаж кылып, аны иштетпей тургандыгы практикада эбак далилденген. Алсак, 29 жылдын ичинде 30 өкмөт алмашты. Мындай абалда, шартта экономиканы, социалдык чөйрөнү ырааттуу өнүктүрүүгө, узак убакытка эсептелген келечектүү программаларды аткарууга мүмкүн эмес. Өкмөт өзү шаркыратманын бир бурчундагы бутакка илинген куркулдайдын уясындай дайыма чайпалып, солкулдап, калчылдап турса, саясый, укуктук жактан анын бир депутаттыкынча да иммунитети болбосо, ал кантип иштейт? Ал утурумдук суроо-талаптарды аткарып, күндөлүк маселелерди чечүү менен гана алек болот. Буга чейинки өкмөттөрдүн бардыгы ошондой күндөлүк маселелер менен гана алек болуп келгендиктен экономикабыз ойлогондой, болжогондой өнүкпөй жатат.

Өзбекстандын азыркы президенти Ш.Мирзеёв 14 жылга жакын премьер-министр болуп иштеген. Анын мурдагы өкмөтүнүн айрым мүчөлөрү 15-20 жылдап бир кызматта иштешүүдө. Андан Өзбекстан уттурдубу? Жок. Утушка гана ээ болууда. Ага анын азыркы экономикалык жана саясый абалдары далил. Өлкөдө саясый туруктуулук өкүм сүрүп, экономикасы ырааттуу өнүгүүдө. Анын алтын-валюталык кору 43 миллиард долларддан ашты. Дүйнөлүк банк Өзбекстанды пандемияга карабастан экономикалык жактан өсүш менен чыга турган мамлекеттердин катарына кошту. Ал биздин түшүбүзгө да кирбейт. Бул өкмөт жана кадрлар күчтүү, туруктуу болмоюнча, экономика ырааттуу өнүкпөйт деген жыйынтык келип чыгат. Ал үчүн биринчи кезекте парламентте туруктуулук, ишкердүү маанай өкүм сүрүп туруусу зарыл. Тилекке каршы, биз парламентаризмди өнүктүрүүдө прагматикалык жаратмандыктын эмес, Акаев баштап кеткен популизмдин жолу менен гана келатабыз.

 

Мирлан ДҮЙШӨНБАЕВ, "Майдан. kg" гезити