Акыркы убакта таскагы кату чыгып, катарын жаштар менен жаңылаганын жар салган «Бир Бол» партиясынын артында Бакиевчилер турабы? Бул азырынча белгисиз. Бирок ушундай суроо берүүгѳ аргасыз болуп турабыз.

Партиянын курамында мурдагы президент Курманбек Бакиевдин иниси Марат Бакиевдин кызы Сымбат Маратбек менен Максим Бакиевдин жеңеси Айжан Чыныбаева бар экендиги кѳпчүлүктүн кыжырдануусун жаратпай койгон жок. Баарынан кызыгы, булл боюнча партияда бирдиктүү пикирдин жоктугу болду. Партиядагылар «Сымбат Маратбек Марат Бакиевдин кызы экенин билген эмеспиз» дешсе, Алтынбек Сулайманов «Сымбат Маратбек аябай билимдүү, тың, акылдуу кыз» деп оң колун коргоп чыкты. Ал эми партиянын Саясий кеңешинин мүчѳсү Эсенкул Момункулов «Сымбаттын ким экенин билчүмүн, анны кѳптѳн бери тааныйм, билимдүү кыз», - деп билдирди.

Ток этерин айтканда, алдыдагы шайлоодо Алтынбек Сулайманов Бакиевчилердин финансылык колдоосуна таянары айкын болуп калды. Ошондо Бакиевчилер Сулайманов аркылуу баш кѳтѳрүшүп, парламентке келүүнү кѳздѳп атышкан болобу? Буга шайлоодо шайлоочулар эмне дешер экен, ыя?

 

“Майдан. kg” гезити