Партиялар бири бирине жугунду төгүү менен алектенип жатканда өлкө кризистик акыбалга улам терең кирип баратат. Бул жылы өлкө бюджеттеги жыртыкты  эл аралык гранттар жана насыялар менен жамап жатат. Кантип жашоону улантабыз? Майда өкмөт эл аралык жардамдардан жүз миллиондорду алып туруп да, дефольт коркунучун жарыялады. Күтүлүп жаткан экономикалык кризис толук күчүнө кире элек, күздө вирустун экинчи толкуну болоору болжолдонууда, бул өлкөбүз кармалып турган жеке тармактардын ишмердүүлүгүнүн чектелишин жаратат. Бизнестин маселеси чечиле элек. Насыяларга берилген кийинкиге жылдыруунун мөөнөтү аяктап баратат, банк тармагы кийинкиге жылдырууну улантуу үчүн субсидия кайрадан албаса керек. 

Мекенине кайткан мигранттардын саны көбөйүүдө, алар жөнөткөн акча которуулары азаят. Аларды жумушка кантип орноштурабыз? Эмнеге өкмөт бул жаатта эч нерсе ойлонгон эмес. Же антикризистик план – болгону жеңилдетилген насыяларбы? Жөнөкөй мугалим, дарыгер, пенсионерге интрига, компроматттар жана башкалардын кереги жок, бир гана маселе маанилүү: алардын айлык акысы жана пенсиясы убагында төлөнөбү. Келгиле, популизм менен алектенбей, реалдуу маселелерди ойлонобуз. Бардык саясий күчтөрдү элдин чыныгы маселелерин чечүүчү талкууга чакырам. Аны менен катар элди сатылбоого үндөйм. Сатылган добуштун баасы кымбатка турат экен. Кризис узакка созулат.

Нурсултан Акылбек