Жаңы түзүлгөн “Келечекке Жол” мониторинг борбору төмөндөгүдөй кайрылуу менен чыкты:

Урматтуу Кыргыз Республикасынын граждандары!

Урматтуу шайлоочулар!

Кыргыз Республикасынын Президентинин указы менен 4- октябрь 2020-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайлоосу өтүп, өлкөнүн Парламентин шайлоонун алдында турабыз.

Бул Парламенттик шайлоого тышкы күчтөр, чет элдик мамлекеттер таасир этүүгө жана кийлигишүүгө укугу жок.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо - бул Кыргызстандын жарандарынын ички иши.

Азыр кээ бир өлкөлөрдө, алардын парламенттеринде, массалык маалымат каражаттарында чоң талкуулар болуп, бир өлкөнүн шайлоосуна башка өлкөлөрдүн одоно кийлигишкендиги боюнча фактылар ачыкка чыгып, бул иш жаңжалга да алып келүүдө.

Мына ушунун кесепетинен мамлекеттердин ортосунда карама-каршылыктар болуп, өз ара мамлекеттер аралык мамилеге катуу жарака кетип, саясий, экономикалык жана башка маанилүү байланыштар үзүлгөнгө алып келүүдө.

Эгерде буга чейинки президенттик жана парламенттик шайлоого байкоо салып көрсөк, башка өлкөлөрдүн бизде өткөн  шайлоолорго кыйыр таасир этүү жана түз кийлигишкен учурлары жетиштүү эле болгон.

Эч деле саясий салмагы жок бир партия сырттан берилген каражаттын натыйжасында ийгиликтүү даярдыктарды жүргүзүп, парламентке келип, өлкөнүн саясий процессине чоң таасирин тийгизген учурлар да болгон.

Ал эми кээ бир талапкерлер башка өлкөлөргө барып колдоо сураганы, жарандарыбыздын кыжырын келтирип, ал катуу чууга айланып, чек ара жабылып, коңшу өлкө менен өз ара мамиле бузулуп, жыйынтыгында анын тескери таасирин карапайым эл тартты.

Ошол эле убакта өлкөдөгү ар түрдүү уюмдарга грант бөлүү же башка каржылык жардам көрсөтүү аркылуу Кыргызстанда өткөн шайлоолорго түз жана кыйыр түрдө кийлигишип, таасир тийгизип келгендиги да коомчулукка белгилүү.

Буга чейин бул тышкы кийлигишүүлөр тууралуу көзөмөлдөгөн жана байкоо жүргүзгөн эч бир уюм же жарандар болгон эмес.

Ошондуктан алдыда боло турган парламенттик шайлоого башка өлкөлөрдүн, уюмдардын тышкы кийлигишүүсүн болтурбоо үчүн тыкыр байкоо жүргүзүү, абалды системалуу түрдө көзөмөлгө алып туруу үчүн коомдук уюмдардын демилгеси менен “Келечекке Жол” мониторинг борбору түзүлдү.

Мониторинг борбору сырттан кыйыр да, түз да кийлигишүү учурларына тыкыр көзөмөл жасап маалыматтарды утуру жарыялап, атайын отчетторду чыгарат. Борбор ишмердүүлүгүндө партиялардын, талапкерлердин, массалык маалымат каражаттарынын, өкмөттүк эмес уюмдардын ишмердүүлүгүнө жана социалдык желелерге мониторинг жасайт.

Парламенттик шайлоого даярдык көрүү жана өтүү учурунда чет элдик кийлигишүү фактылары катталса, мониторинг борбору бул маалыматты ошол замат коомчулукка чыгарып, болгон чындыкты шайлоочуларга жеткирип, тийиштүү укук коргоо органдарына кайрылып, бул ишке мыйзам чегинде териштирүүлөр болуусун жана чаралар көрүүлүсү талап кылынат.

Жыйынтыктап айтканда, алдыда өтө турган Парламенттик шайлоого чет өлкөлөр, тышкы күчтөр кийлигишпей, өлкөнүн эгемендүүлүгүнө шек келтирбей, Кыргызстандын жарандары гана өз эрки менен жеке тандоолоорун кылып, шайлоо ачык-айкын, эркин жана так өтүүсү негизги максатыбыз.

Ошол эле убакта ушундай фактыларды мониторинг борборуна утуру билдирип туруусун биз жарандарыбыздан, уюмдардан суранабыз.

Телефондор: 0999 199 778 , 0550 05 30 30
Электрондук почта: Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра. 
Вотсап: 0771 39 64 78, 0777 27 54 34

Сиздерди сыйлоо менен “Келечекке Жол” мониторинг борборунун жетекчиси Турсунбек Акун