- Кеңешбек мырза, шайлоодо добушун саткандардын жоопкерчилигин караган мыйзам күчүнө кирди. Бул мыйзам шайлоонун таза өтүшүн камсыз кыла алабы же тескерисинче башкалардын колу-бутун кайрып, тоскоолдук жаратууга салым кошобу?
- Кабыл алынган, күчүнө кирген мыйзамдар кандайдыр бир деңгээлде шайлоо процесстеринин ачык, айкын, таза өтүүсүнө шарт түзөт. Бирок, биздин көйгөйүбүз- мыйзамдын жоктугунда же жетишпегендигинде эмес, аны толук жана туура аткарууда. Канча жолу ачык эле мыйзам тебеленип, тепселип, бурмаланып, жогорку бийлик каалаган жыйынтык чыгарылып, адилетсиздиктен эки жолу президенттерди кубалап чыгып, үчүнчүсүн түрмөгө камадык. Азыркы шарттарда кезектеги элдин тандоосун калыс, акыйкат, таза өткөрүү, Кыргызстандын сакталып калуусунун акыркы шанстарынан деп ойлойм. Анткени, бүткүл дүйнөлүк деңгээлде болуп жаткан кризис эч кимди аябайт. Биримдиктүү, чөнтөгү жука болсо да руху, духу күчтүү элдер сакталып калат.
- Бабанов менен Туйгунаалы Абдраимов биригет деген кеп тарап жатат. Алар бийлик сестенген күчтүү оппозиция боло алабы?
- Шайлоонун астында эмне көп, ушак көп, сөз көп. Конкреттүү, ачык кадамдарды, расмий жарыяланган билдирүүлөрдү күтө туралы.
- Шайлоону утурлай Икрамжан Илмияновн жатак абакка которулду. Ал турсун жазасы жумшартылды. Ал кимдир бирөөнүн тилин тапканбы же чын эле оңой жаза менен кутулуунун жолун таптыбы?
- Атамбаевдин учурунда Илмиянов мамлекетти көмүскөдөн да, ачык да башкарган, эң таасирдүү адамдардын бири болгону эч кимге жашыруун сыр эмес. Ал саясий, коомдук, экономикалык көп иштерге, проектилерге киришип, өзүнүн да, атасынын да (Атамбаевдин) кызыкчылыгын көздөп, маселелерди каалагандай чечкенин коомчулук эчен жолу талкуулап, элдин нааразычылыгын туудурган. Атамбаевдин бүгүнкү кебетесин кийгенине зор салым кошкон адамдардын бири экенине коомчулукта эч кандай күмөн жок. Бүгүнкү күндө Атамбаевдин командасынын ар бирине ондогон кылмыш иштери бар, алар жоопко тартылып, соттолуп, оор жазаларга тартылып жатышат. Ошолордун арасында мурун эң таасирдүү болгон Илмиянов бир эле кылмыш иши менен соттолуп, жеңил кутулуп жатканы эл арасында ар кандай кудук сөздөрдү, шектерди жаратып жатканын баары эле көрүп турат. Илмиянов азыркы бийликтеги кээ бир таасирдүү адамдар менен тил табышып, соодалашып, өзүнүн мурунку кожоюнун толук сатып, керт башынын кызыкчылыгын баарынан өйдө коюп кетти деген сөздөр толтура. Менин оюмча, канчалык элдин көзүн будамайлабасын, баары бир ар бир иши үчүн жооп бере турган мезгил келет. Албетте, соттолду, кылмыштары үчүн жоопко тартылды деп, башка иштери жабылуу бойдон калышы, ошол жагдайды пайдаланып, башка өлкөгө кетип калышы толук мүмкүн.
- Баса, Стамбулдун мурунку консулу Эркин Сопоков да 300 миң сом айып пул төлөп, сот залынан бошоду. Бирок, анын бошошунан да шек санап, жогору жактын буйругун аткарганы үчүн жеңилдик берди дегендер да бар. Бул боюнча не дейсиз?
- Тергөө менен келишим түзүп, аны кийин сотто бекемдеп берди деп, далай чоң, оор кылмыш жасаган адамдар акчалай айып төлөп оңой кутулуп кетип жатышат. Алдыда андай окуялардын андан да көп кайталанышы күтүлүүдө. Бул биздин коомдун акыйкаттуулуктун, калыстыктын, чындыктын, ишенимдин талкалануусундагы жолдо баратканыбыздын белгиси деп эсептейм. Атамбаевдин көрсөтмөсү менен жасалган бул сот реформасы кайрадан каралып, керектүү өзгөртүүлөр киргизилбесе, элдин мамлекеттик бийликке болгон ишеними, мыйзамдуулук, тең укуктуулук, кылмыш үчүн сөзсүз жаза тартуу принциптери биротоло талкаланат деген коркунуч бар.
- Айтмакчы, Азимжан Аскаровдун туугандары анын сөөгүн кыргыздар казып салат деп кооптонуп, Өзбекстандан жер сурап жатышыптыр. Алар кооптонгудай кыргыздар өлгөн кишини көрүн казып, качан эле сөөгүн алып чыгып салчу эле?
- Кыргыз байыртадан улуу баалуулуктарды сыйлап, сактап келген эл. Катылган душмандын катыгын берген. Дүйнөдөн өткөн адамды кордоо биздин эл үчүн мүнөздүү эмес. Ошондуктан Азимжан Аскаров боюнча кооптонуулар бекер. Анын сөөгун башка мамлекеттин аймагына алып барып койуусунун артында кандайдыр бир саясий максаттар бар болушу мүмкүн.
- Өкмөттүн чамасы чакталуу экени баарыбызга маалым. Эгер пенсия, пособие бере албай турган абалга кептелип калсак эмне болот?
- Бюджеттин тартыштыгынан пенсия, пособиелердин берилбей калышы мүмкүн экенин мурунку Өкмөт башчы май айында эле айтпады беле. Азыркы Өкмөт келген финансылык жардамдын негизинде бул маселелерди чечип жатканын ачык эле айтып жатпайбы. Башка арга жок го.
- Өкмөттүн бир ай ичинде Ош, Бишкекке оорукана салуу аракетин көрө баштаганы илдетти жеңүүнүн айласыбы?
- Ооруканаларды куруу эң маанилүү экенин кеч түшүнгөнүбүз абдан өкүнүчтүү. Бул дагы бир жолу бизде кризистен өтүүдө, көйгөйлөрдү чечүүдө өкмөттүн, профилдик министрликтердин, алардын жетекчилеринин аналитикалык, илимий изилдөөлөр, прогноз кылып, перспективалык иш чараларды, пландарды даярдоо, ишке ашыруусу төмөнкү деңгээлде экенин көрсөттү.
- “Коопсуз шаар” долбоорунан түшкөн каражатка тез жардам унааларын сатып алабыз дегени колдоого аларлык эле ишпи?
- Көйгөйлөрдүн баарын салмактап, таразалап, бүгүнкү күндүн эле маселесин чечпей, “эртең эмне болот, дагы кандай оор шарттар чыгат, ага кандай даярдык көрүү керек”- деген таризде болгон финансылык каражаттарды колдонуп, бөлүштүрүү керек.
Арина Рысбаева, “Майдан. kg” гезити