- Өкүм менен соттолуучуга мыйзамда белгиленген жазанын түрлөрүнө ылайык кошумча жазаларды да соттор чегерет. Мыйзамдагы жаза мөөнөтүн, анын түрлөрүн Жогорку Кеңештин депутаттары аныктайт. Мен билгенден Илмияновго кылмыш иш коррупция беренеси менен козголбосо керек эле. Ал алдамчылык менен соттолгондой болгон. Атамбаевдин эң жакын ишенимдүү адамдарынын бири Илмиянов болгону чын. Эгерде Атамбаев Ниязовду эмес, Илмияновду көбүрөөк укканда жок эле дегенде өзүн бийликке алып келген Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнө душман болбойт эле. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү да өз кезегинде Атамбаевге мыйзамсыз иштерди жасатмак эмес. Фарид Ниязов Бакиевдердин үй-бүлөсүн экиге бөлгөн Медет Садыркуловдой эле, Атамбаевдин тарыхый досторуна аны душман кылганга чоң салым кошту. Анын ичинде азыркы президент менен Илмияновдун Ниязовго караганда өлкө үчүн да, жеке Атамбаев жана анын үй-бүлөсү үчүн да зыяны аз.

 

“Майдан. kg” гезити