Урматтуу мекендештер!

Биздин алгачкы билдирүүбүз боюнча (29-июнь 2020-ж.) Жогорку Кеңештин депутаттарынан эч реакция болбогондуктан кайрадан билдирүү жасоого аргасыз болдук. Алгачкы билдирүүнүн мазмунун кыскача эске салалы.

Кыргызстанда 1994-98-жылдары айыл реформасынын биринчи этабы жүргүзүлгөн. Айыл эли жер, мал-мүлк, техниканын ээси болуп, эркин чарбачылык жолуна түштү. Тилекке каршы, айыл реформасынын кийинки этаптары соңку 20 жылда улантылбады. Жаңы, өкмөттөн бир сом дотация албаган, кыргыздын эркин дыйкандары өздөрү ысыкка күйүп, суукка тоңуп, эгемен өлкөнү багып, сактап келишүүдө. Алардын өндүргөн продукциясын сатуу, кайра иштетүү, экспорттоо маселелери чечилбестен оор көйгөй бойдон калууда.

Учурда мамлекеттин аймактарды өнүктүрүү саясатынын алкагында айыл реформасын кайра жандандырууга жол ачылды. Демек, «Айыл реформасы – II» аталыштагы мамлекеттик ири долбоорду иштеп чыгуу жана аны турмушка ашыруу зарыл. Ал долбоорду иштеп чыгууга учурдагы убактылуу өкмөт жөндөмсүз. Үмүт кийинки өкмөттө. Бирок, андай долбоорду жасоо ал жаңы өкмөттүн колунан келеби? Келет, эгер күзүндө кыргыз эли күчтүү парламентке ээ боло алса! Бул суроолорго жооп издеп биз, аграрчылар, 6-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин ишмерлигине талдоо жүргүзүп, төмөнкү 12 жыйынтык чыгарганбыз.

Биринчи, азыркы депутаттар мамлекеттик башкаруу системасынын таш-талканын чыгарышты. Натыйжада, соңку беш жылда бардык тармактарда, жер-жерлерде тартипсиздик, жоопкерсиздик, башаламандык үстөмдүк кылып калды.

Экинчи, коррупциянын деңгээли болуп көрбөгөндөй өстү. Мисалы, эксперттердин баасында, Кытайдан алынган насыялардан болжолу 800 миллион долларды аткаминерлер жеп алышкан. Буга жоопкер Жогорку Кеңеш суудан кургак чыкты.

Үчүнчү, учурдагы парламенттин башкаруусунда өлкөнүн жүздөгөн кен байлыктары текейден арзан баага чет өлкөлүк компанияларга берилди. Мисалы, запасы 5 миллиард долларга бааланган “Жерүй” алтын кени болгону 100 миллион долларга сатылды.

Төртүнчү, соңку беш жылда экономика артка кетти. Өлкөнүн карызы эки миллиард долларга көбөйүп, жалпы 4,5 миллиард доллардан ашты. Жалпы продукциянын импорту экспортко караганда үч жарым эсе көбөйдү.

Бешинчи, эгер мурда элдин сотторго ишеними 50-60 пайызды түзүп келсе, соңку беш жылда элдин 90 пайызы сотторго ишенбей калды.

Алтынчы, Жогорку Кеңеш кыргыз-тажик, кыргыз-өзбек чек ара маселелерин чечүүдө алсыздыгын, коркоктугун көрсөттү. Учурда абал оор бойдон калууда.

Жетинчи, азыркы парламенттин тушунда саясий куугунтук күчөдү. Бирок депутаттар ал зомбулукка кенедей да көңүл бурушпады.

Сегизинчи, депутаттар өздөрү рейдерликти көндүм адатка айлантышты. Мамлекеттик мафияны жана контрабанданы гүлдөтүштү.

Тогузунчу, Жогорку Кеңеш кыргыз мигранттарын колдоо боюнча эч аракет жасабады. Быйыл карантин учурунда ар кайсы өлкөлөрдө суукка тоңуп, ачка, каражатсыз калган мигранттарга депутаттар кайдыгерликти, таш боорлукту көрсөтүштү.

Онунчу, Жогорку Кеңештин азыркы курамы билимсиздиги, түркөйлүгү, жалкоолугу менен кыргыз элинин бетине көө жапты.

Он биринчи, Жогорку Кеңеш шайлоо системасын саясий коррупциянын зор уюгуна айлантты. Учурдагы депутаттардын дээрлик токсон пайызы акчанын күчү менен гана партиялык тизмеге киргизилгени, ал тизмени өлкөнүн 2011-17-жылдардагы кожоюну, “шоопур” өзү түзгөнү белгилүү болду. Учурда да партия кожоюндары күздөгү шайлоого утурлай, партиялык тизменин кунун бычып, талапкерлер арасында аукцион өткөрүп, жашыл акчалардын кумарына батышууда.

Он экинчи, беш жыл мурда, шайлоо алдында, азыркы депутаттар “жыргатабыз, гүлдөтөбүз”- дешип, элге убадаларды мөндүрдөй жаадырышкан. Алардын бири да аткарылбады.

Ошентип, Жогорку Кеңештин учурдагы курамы кыргыз өлкөсүнүн тарыхында эң чабал, билимсиз, дараметсиз, коррупцияны гүлдөткөн парламент катары калды.

Урматтуу мекендештер!

Биз, аграрчылар, Жогорку Кеңештин ишмерлигин талдап, баа берип, анын депутаттарына: “Сиздердин кыргыз элинин жана тарых алдында кайрадан депутат болуп шайланып келүүгө моралдык да, саясий да укугуңар жок! Жоопкерчиликти олуттуу кабылдап, андай сокур чечимден баш тартыңыздар! Ар-намыс жана өзүңөргө урмат-сый болсо, анда жолду башка жаңы адамдарга, таза, кесипкөй, мекенчил улуу-кичүү инсандарга бошотуп бергиле! Сиздер катышпай шайланган жаңы Жогорку Кеңеш гана күчтүү өкмөт түзө алат жана ал өкмөт биздин, аграрчылардын, көптөн бери күткөн ой-максатын, “Айыл реформасы – II” мамлекеттик долбоорду турмушка ашыра алат!” - деп кайрылганбыз.

Алгачкы билдирүүбүздөн бери бир ай убакыт өттү. Бирок, тилекке каршы, ага жооп бергенге депутаттардын саясий эрктери, духтары жетпеди. Тескерисинче, кыргыз элин тозоктун отуна жагып, өздөрү жай эс алууга тарап кетишти. Бул жагдай алгачкы билдирүүдөгү 12 пунктка дагы бирөөнү кошууга аргасыз кылды.

Он үчүнчү, “шоопурдун” амири, жашыл акчалардын кудурети менен шайланган Жогорку Кеңештин курамы кыргыз элине оор мүшкүл, апаат келгенде өзүнүн анык жүзүн дагы көрсөттү. Азыркы депутаттар кошоматчы, уят-сыйыт, ыйман, ар-намыстан куржалак калышкан, байлык, бийликке түк тойбогон ач көз пенделер экени жалпыга маалым болду. Кыргыз элинен чөгөлөп кечирим суроонун ордуна депутаттардын учурда партия ачышып, тандашып, жыргап-куунап парламенттик шайлоого аттанып жатышы коомчулуктун кыжырын шакардай кайнатып, чыдамын түгөттү.

 

Урматтуу мекендештер!

Учурда олигарх, коррупционерлердин саясий технологдору беш гана партиянын (“Мекеним Кыргызстан”, “Биримдик”, “Кыргызстан”, “Ата-Мекен”, “Республика”) парламенттик шайлоодо жеңишке жетишээрин, ал эми калган партиялардын “шансы нөл” экенин, бул “сурамжылоонун негизинде аныкталганын” жар салышып, коомчулуктун аң-сезимин манипуляциялоого өтүштү. Бул мыйзамды одоно бузуу фактысы боюнча дайыма бай-бийликчил күчтөрдүн камчысын чаап келген Боршайкомдун бир да эскертүүсү болбоду. Ошондуктан биз, аграрчылар, биринчиден, учурдагы депутаттардын шайлоого катышуу бузук ниеттерине каршы туруп, экинчиден, Боршайкомдун шайлоону калыс өткөрбөсүнө көзүбүз жетип, алдыдагы парламенттик шайлоого катышуудан баш тартууну чечтик!

 

Урматтуу мекендештер жана Агрардык партияны колдогон саясий күчтөрдүн өкүлдөрү!

Күзүндөгү парламенттик шайлоодо Жогорку Кеңештин 6-чакырылыштагы депутаттарын тизмесине кошушкан партияларга добуш бербөөгө чакырабыз! Шайлоо учурунда ал депутаттардын эмгек жолун, кыргыз элине жасаган кастык иштерин ар тараптан чагылдыралы.

Учурдагы Жогорку Кеңеш кыргыз элин геноцидге тушуктурду. Эң чабал, коррупциялашкан, кылмыштуу парламенттик башкарууда миңдеген жарандарыбыз мезгилсиз каза болушту. Бул кылмыш адамзатка каршы кылмыш иши катары бааланып, депутаттар толугу менен сот жообуна тартылышы керек!

Эгер күздөгү парламенттик шайлоодо жеңип чыккан партиялардын ичинде Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын бир эле депутаты болсо, анда ал шайлоонун жалпы жыйынтыгын тааныбоого чакырабыз! Ошондой эле, шайлоонун эртеси күнүнөн, 5-октябрдан баштап, Бишкек жана бардык облустардын борборлорунда мөөнөтсүз митингдерди өткөрүүгө кошулуңуздар!

                                                                                                                                               

Аткаруу комитетинин мүчөлөрү:

Болоткан Кумаров, Эсенкул Алиев, Бекболот Талгарбеков, Шамил Усубалиев, Нурзаада Мурзамуратова, Сапарали Аскаров, Кубанычбек Данышманов, Жумабек Жаилов, Калил Жумабаев, Иманберди Жумалиев, Тамара Жумашева,  Качкынбай Кадыркулов, Эркин Калыбеков, Кубанычбек Кулов, Асанбек Мырзабеков, Акылбек Ракаев, Бердибек Самудинов, Жумадил Турдубеков, Ариф Халилов.

Бишкек ш. 27-июль 2020-ж.

 

 “Майдан. kg” гезити