"Өнүгүү-Прогресс" партиясы парламенттик шайлоого катышпайт. Партиянын лидери Бакыт Төрөбаев соцтармактагы баракчасы аркылуу эмнеге мындай чечимге келишкенин түшүндүрдү. 

"Эмнеге биз шайлоого катышуудан баш тарттык? Биринчиден азыр пандемия. Экинчиден, бул шартта шайлоочулар партиянын программасы жана идеясына, билим берүү, медицина, айыл чарба жана экономика жаатына сунуштаган реформага карап добуш бербейт. Азыр шайлоочулардын көз карашы такыр башка багытка бурулду. Бул шайлоо абийир жана ач көздүктүн, кайдыгерлик жана акыйкаттыктын ортосундагы күрөш болот. Мен ар бир жаран өлкөнүн келечегин ойлоп туура чечим чыгарат деп ишенем", - деген Төрөбаев. Ал бирок партия келерки шайлоолорго катышаарын белгилеген. 

Айрым маалымат каражаттары Төрөбаев "Мекеним Кыргызстан" партиясынын катарында шайлоого аттанаарын жазышууда. 

Эске салсак, партия буга дейре БШКга шайлоого катышуу ниетин билдирип арыз жолдогон.