Кыргызда аламан байге деген көк бөрү ойну бар. Бул оюнда эреже жок, ким кааласа оюнга кирип улакты ала качканга аракет кылат. Ат тебелеп кетсе да, бирөө жыгылып өлсө да эч кимдин иши жок.  Ары-бери тартышып, анан  уюшуп алган эски улакчылар бирин-бири колдоп байгени  алып кетишет. Азыркы бизде өтүп жаткан шайлоо, аламан байге болуп жатат. Президенттикке жана депутаттыкка кандидаттардын системаны өзгөртө турган Концепциялары жок, жөн эле "мен жыргатам, мени шайласаңар мен кыйратам" дегенден  чыга алышпады.  Азыркы авторитардык - советтик системаны жок кылып ордуна Европа тибиндеги (Европа жакпаса Япония, Түштүк Корея) демократиялык система орнотом деген кандидат да жок. Демек, кимиси келбесин Кыргызстанда система өзгөрбөй тургандыгы турган иш. Шайлоо чоң базарга айланды, кимдин бийлиги көп болсо, кимдин акчасы көп болсо ошого добуш берилет. Элди да бузуп бүтүштү. Кедей мамлекеттин шайлоочуларын сатып алууга, административдик ресурс менен шайлатып алууга акылдын деле көп кереги жок.  Мындай  аламан байгеге биздин шайлоо мыйзамыбыз  жол ачып берген.  Шайлоо боюнча башкача Концепция даярдоо биздин саясатчыларды ойлондурбайт. Образдуу айтканда, алар "Москвичти" (эски системаны)  мен айдасам эле турмуш оңолот деп эсептешет.  Эки төңкөрүш менен бийликке келгендер да байыгандан башка  эч нерсе жасай алышкан жок…

Жаңы шайлоо мыйзамынын негизиги Концепциясы мындай эле:

1. Шайлоо компаниясы 3 айга созулат, анткени элге идеялардын жарышын  шашпай жеткириш керек;
2. Шайлоонун негизги күрөшү ТВлар аркылуу 3 айлык дебаттар менен коштолот.  Дебаттар бардык ТВ жана радиолордо  кандидаттар үчүн тең болуп, кандидаттардын күрөөгө койгон акчасы жана бюджеттен бөлүнгөн акчага каржыланат. Кандидаттар саясат, экономика, коом, тармактар боюнча  3 ай талкуу кылышат; (Америкада дебаттар 1 жылдан ашык болду).
3. Рекламаларга чек коюлат. Мисалы, Бишкекте ар бир кандидат 60 м2 ашык тышкы реклама коё албайт, башка жерлерде да  норма болот. ТВ, радио жана башка ММКларга да рекламаларга чек коюлат. Баардык "рекламалар" дебаттарда айтылышы керек. Кандидаттарга бирдей шарт түзүлөт;
4. Кандидат өзү стадиондорго жана башка жерлерге массалык жолугушуу өткөрө албайт, артистерди пайдаланууга тыйуу салынат;
5. Жер-жерлердеги жолугушууларды жергиликтүү бийлик уюштурат. Ал жолугушууга кандидаттар БШКнын  бир автобусу менен чогуу барып, жолугуп, сүйлөшүп кайра ошол автобус менен чогуу келишет. Джиптердин жана байлыктын демонстрациясы болбойт, кандидаттар тең болуп, бирге жүрүшөт;
6. Эгер ушул нормалар мыйзамга кирген болсо акчага иштеген агитаторлордун саны кескин кыскарат, анткени кандидат өзү негизги агитатор болуп калат. Элге акча таратуу да  азаят, шайлоочулар негизги жыйынтыкты дебаттардан алып, алар  регион, урук-тууган эмес, идея үчүн күрөшө башташат;

 Албетте, бул Концепция көнүмүш болгон,  административдик ресурсту жана шайлоочуну сатып алууну дароо эле толугу менен жогото албайт, бирок алардын азайышына  шарт түзүп,  адамдардын эмес, идеялардын күрөшүнө алып келет. Бийлик менен акчанын күрөшүн азайтып,  акчасы  жана бийлиги жок  саясатчыларга жол ачат. Бул Концепцияда демократияга каршы келген тыйуулар бар. Эгер мамлекет, коом өздөрү таза шайлоо өткөрө албаса, тыйуу киргизиш керек. Мисалы, демократия деп квотасыз шайлоо өткөргөндө парламентти  жалаң шагыраган "кочкорлор" ээлеп алышкан.  Аялдарга, жаштарга, башка улуттарга квота койгондон кийин гана парламенттин курамы баланс болду. Квота деген - эркиндиктин бир четин тыйуу деген нерсе.  Бул Концепцияны кабыл алсак Кыргызстанда таза шайлоо системасы башталып, өнүгүү жолуна түшөбүз....

Өмүрбек Абдырахманов, экс-депутат