Кыргызстанда быйылкы парламенттик шайлоодо үгүт өнөктүгү онлайн жүргөнү жатат. Ал ортодо саясий партиялар шайлоого карата даярдыгын жандандыра баштады.
Акыркы айларда коронавирус пандемиясы боюнча абал курчуп турган Кыргызстанда парламенттик шайлоого даярдык кызый баштады. Өлкө жетекчилиги акыркы кырдаалга карабай шайлоо белгиленген мөөнөттө өтөрүн билдирген соң Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) да, саясий партиялар да өз ишин жүргүзүп жатышат.
Учурда БШК бекитилген иш тартибинин алкагында шайлоого катышууну каалаган партиялардын өкүлдөрүн, саясий өнөктүктү чагылдырыш үчүн маалымат каражаттарын каттап жатат.
Шайлоо комиссиясы бул жылы пандемияга байланыштуу үгүт өнөктүгү негизинен онлайн түрүндө болорун жарыялады. БШКнын жетекчисинин орун басары Абдыжапар Бекматовдун айтымында, бул үчүн тиешелүү шартты түзүү боюнча иштер жүрүп жатат.
«Саясий партиялардын өкүлдөрү, талапкерлер менен шайлоочулардын физикалык түрдө жолугушуусун азайтуу максатында бир катар иштер жүрүп жатат, - деди ал. - Анын ичинде жаңы технологиялык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп, бул иштерди уюштуруу каралууда. Мындан сырткары маалымат каражаттарында акысыз эфирдик убакыт берип, үгүт өнөктүгүн жүргүзүү пландалууда. Эгер сөзсүз түрдө жолугушуу өткөрүү керек болсо белгилүү бир санда, социалдык аралыкты сакташы керек болот. Ал эми жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, мурдагыдай стадион толтура эл топтоого тыюу салынган».
Бекматов кошумчалагандай, шайлоо комиссиясы «Талапкер» деп аталган маалыматтык ресурсту ишке киргизди. Бул ресурста саясий партиялардын программалары, талапкерлери жөнүндө кенен маалымат камтылмакчы.
БШК шайлоого байланыштуу бардык иш-чаралар белгиленген мөөнөттө жүрүп жатканын билдирди.
Буга чейин 4-октябрда өтчү парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип, 44 саясий партия БШКга кайрылган. Бул партиялардын басымдуу көпчүлүгү - буга чейин коомчулукка белгисиз, мурда шайлоого катышпаган саясий уюмдар.
Ал эми мурдагы парламенттик шайлоодо эң көп добуш алган партиялар арасат абалда турат. Тактап айтканда, беш жыл мурда шайлоочулардын 27% добушун алып, биринчи келген мурдагы президент Алмазбек Атамбаев түзгөн Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) экиге бөлүнүп, белгисиз кырдаалда турат. Бул партиянын төрагасы катары жарыяланган Сагынбек Абдрахманов жетектеген саясий уюмду БШК каттабай, соттошууга чейин жеткен. 28-июлда Жогорку сот БШКнын чечимин мыйзамсыз деп таап, бул партияны шайлоого катыштырууну милдеттендирген чечим кабыл алды.
Дастан Жумабеков Бишкектеги дарыканалардын биринде.
Азаттык