Өлкөдөгү кырдаал акыркы убакта көңүл жылытаарлык эмес. Бир жагынан жугуштуу илдет шаштыны алса, экинчи жагынан айрым саясатчылардын саясий оюну так ушундай кысталыш учурда күчөп, элге дүрбөлөң салууга аракеттер пайда болууда. Илдеттин жайылышын бийликтин алсыздыгы катары көрө билгендер ал пикирин коомчулукка таңуулашып, бийликти кулатуу чакырыктарын жасашып жатат. Саясат талдоочу Бакыт Бакетаев илдеттин жайылышына бийликти айыптоо адамзат тарыхында болгон, блуп жатат жана мындан ары да боло берет деп эсептейт.
“Коронавирус илдети бүгүнкү күндө жалгыз Кыргызстанда эмес, дүйнөнүн өнүккөн, алдыңкы катардагы өлкөлөрү да дарттын алдында алсыз болуп калышты. Бир гана бизде эмес, башка өлкөлөрдө да бийликке жетпей калгандар абалдан пайдаланышып, элди бийликке каршы тукуруп жатышат. Мисалы, америкалыктар Трампты, орустар Путинди, казактар Токаевди кетирүүнүн аракетинде. Аны жасап жаткандар бийликке барууну көздөгөндөр. Кайсы өлкөдө болбосун бийликти алууну самагандардын ниет-тилеги, аракет-максаты окшош. Алар кандай кырдаал болбосун аны бийликтин терс сапаты катары көрсөтүп, элдин нааразычылыгын жаратууга уста”, - деди Бакыт Бакетаев.
Саясат талдоочу коронавирус инфекциясы сыяктуу дүйнөнү же кайсы бир мамлекетти бүтүндөй каптаган илдет тарыхта биринчи жолу болуп жатпаганын белгиледи. Ошол эле убакта жаратылыштын жасаганын бийликти алмаштыруу менен жеңүүгө болбостугуна токтолду.
“Бийликти кулатып, жаңы бийликти алып келүү менен эле илдеттин тамырын кыркып салабыз дегендер жаңылышат. Илдет өз убагы келгенде, өз жолу менен кетет. Тарыхта эл башынан нечен апааттарды өткөргөн: чума, холера, оспа, Эбола ж.б. дарттар канча калктын башына каран күн түшүргөн. Анын баары өттү-кетти, мында бийликтин алмашуусунун, бирөөнүн кетип, экинчисинин келүүсүнүн тиешеси жок. Бүгүнкү күндө жалаң бийликке барабыз дегендер эле эмес, эл арасындагы “паникерлор” да дүрбөлөң салып жатат”, - деди саясат талдоочу.
Айтымында, азыркы бийликти кулатууга чакырык жасагандардын баары эптеп эле орунду бошотуп, ага өз кишисин коюуну көксөгөндөр. Бирок алардын биринин да куру кыйкырыктан башка кыйын кырдаалда элден чыгарып кетүүгө көзгө көрүнөөрлүк жарытылуу жасаган иши жок.
“Ошолордон сен эмне кылдың, элге, жерге кандай пайда келтирдиң, канча дарыгерге жардам бердиң, канча бейтаптын ажатын ачтың деп сурасаң, бири да ооз ача албайт. Анткени алардын кылганы – куру кыйкырык, бирөөнү бирөөгө каршы тукуруу, терс чакырыктарды жасоо. Бизге азыр бөлүнүү, айрым бир саясатчылардын саясий оюнунун курмандыгына айлануу керексиз. Андан көрө ынтымакты, биримдикти туу тутуп, бирибиз экинчибизге жардам берип кыйын кырдаалдан чыгып кетүүгө умтулушубуз керек. Жок дегенде бири бирибизге жылуу кебибизди айталы. Бул күн да өтөт, тынч убакка жетип алгандан кийин баарын кайрадан эстеп, баа беребиз: ким паникер болду, ким унчукпай өз ишин татыктуу аткарды, а ким кыйын кырдаалдан пайдаланып өз максатын ишке ашырууга аракеттенди? Эл баарына тараза”, - деп белгиледи Бакыт Бакетаев.
Ошондой эле Бакетаев учурда күнөөлүүнү издеп убакыт да, күч да коротпой, болгон дараметти илдетти жеңүүгө багыттоо керектигин, өкмөттү, бийликти жамандабай, аларга кол кабыш кылуу зарылдыгын кошумчалады. Бул үчүн саясат талдоочунун пикиринде, бири бирибизге колдон келишинче жардам берип, ашыкча басып-турганды токтотуп жана иммунитетти чыңдоо жетиштүү. Илдетти жеңүү ар бир жарандын кызыкчылыгындагы нерсе болуп, баарылап аракет кылуубуз зарыл