Кыргызстан коронавирустун оор түрүндөгү формасын 1 айдан бери башынан өткөрүп жатат. Азыр, врачтар пикте турганын айтып, бирок жакында төмөндөйт деген божомолдорун билдиришүүдө. Ал ортодо илдет жүздөгөн адамдарга кайгы алып келип, өмүрүн алды. Ар бир жаран социалдык жоопкерчиликти, эрежелердин талабын так аткарууга жана өз өмүрүн сактап калууга көнүштү. 

Ушул аралыкта көп адамдар спонсор болуп, көп адамдар волонтер катары жардам берип, вирустун кесепетин жоюуга аракеттерин көрүшүүдө. 

Менин байкаганым, бир гана Атамбаевдин жана батышчыл күчтөр РЕакция кыймылынын командасы бузукулук менен алек. Ишенбесеӊер фейсбукту ачып карап, анализ жүргүзгүлө. 

Атамбаевдин командасында жүргөн кайсы адам элге жардам берди? Бир жерде жардам колун сунганын байкадыӊарбы? Жок. Алар чөөдөй болуп, четте карап, кыйналып жаткан мамлекетти сындап, андан пайдаланып бийликти басып алалы деп аӊдып турушат. Фейсбукта эл бири-бирине кеӊеш айтып, дарылоо ыкмалары менен бөлүшүп жатса, булардын троллдору президентти жамандап, көчөгө чыккыла, бийликти кетирели деген маалыматтарды таратып жатышат. Анан дагы, “Соке досун сатты”-деп каралап, жалаа жаап жатышат.

Соке менен АША дос болсо, үйүндө дос болушсун. Достугун мамлекетке аралаштырбасын! Мамлекетчил жана акыл эстүү адамдын көзү менен караганда – экөөнүн достугу жана жеке мамилеси бизге бир тыйын. Атамбаев уурдадыбы жазасын алсын. Адам өлтүрдүбү, жазасын алсын. Кылмышкерди “досум” деп аяп, камабай, элге кылган кыянатчылыгын жашырса, анда Жээнбеков чынында мамлекеттин кызыкчылыгын сатмак. Ал досун сатты дегендерге жообум, ал мамлекетин саткан жок. Ууру, кылмышкер досун мыйзам чегинде жаза алышына тоскоолдук кылган жок. Эсиӊерге түйүп алгыла! 

Анан, учурдагы кырдаалдан пайдаланып, бир сом дагы жардам бербей, кечке бузукулук менен алектенип жаткандар окшош теманы эле көтөрүп жатат. Алар сүйлөшүп алгандай иштеп, атайын уюштурулганы байкалууда. 

Кыргызстан ансыз дагы 30 жыл курулай популист, кыйкырып сүйлөгөндөрдүн жеми болуп келди. Тынч убакта элдин кызыкчылыгы үчүнбүз деген РЕакция кыймылы азыр кайда? Жылаӊач аялдардын укугу, гейлердин укугу дегенде көчөгө толуп кетишчү, азыр эмнеге элди сактап калалы деген аракеттерден аларды көрбөй жатабыз? 

Кана, батышчыл күчтөр! Кана Тарых музейинде чечинген аялдарга жетип баргандар? Кана?! 

Атамбаевдин жанында жүргөн, учурунда Супер Инфо деген гезитине кыздардын уяттуу жерин көрсөтүп, улуттун унгусун бузган сутенер Кылыч Султанов деген бар. Азыр эӊ бай адамдардын катарын толуктайт. Күнү-түнү бузукулук менен алектенип жүрөт. Ал, 5-августа элди көчөгө чыгып, митинг кылалы деп уюштуруп жатат. Бузукулук кылып, вирустун жайылышына, мамлекетте баш аламандык болушуна кам көргөндөн көрө, элге дары-дармек алып бербейби!

Эмнеге ушундай бузуку, акылынан айныган сыяктууларды укук коргоо органдары тартипке чакырбайт? 
Азыр Фейсбукта хайп кылып, бийлик үчүн күрөш кылгандар – ден соолук үчүн ойлонушкан дагы жок. Аларга бийлик гана керек экенин көрдүм. Ооба, алардын ичинде бийлик басып алуу деген сезимдери гана күчтү. Бул убакыт кимдин ким экенин көрсөттү, бузукуларды тааный жүргүлө!

Дариха Исмаилова