Жарандар гана сындай алышат! 

Мен өкмөттү, президентти жана парламентти бир гана биз, катардагы кыргызстандыктар, шайлоочулар сындай алабыз деп ойлойм. Бүгүн көптөгөн коомдук ишмерлер, саясатчылар жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, бир убактарда өкмөттө мамлекеттик кызматты ээлегендер, парламенттин экс-депутаттары сындын чегин кыйратышты жана учурдагы бийликтин аракетине терс баа беришүүдө. Саясий “баатырлардан” ушунчалык сурагың келет: урматтуу айымдар жана мырзалар, сиз депутат, мамлекеттик аткаминер болуп турган учуруңузда Кыргызстандын эли үчүн эмне жасадыңыз? Эгер чындыгынан алсак, силер өзүңөрдү, өз кылганыңардын кесепетин өзүңөр сындап атасыңар! Өкмөттө, парламентте силер баарыңар саясат менен гана алектенип, байлык топтоого, өз кланыңарды бекемдөөгө, өз бизнес империяңарды алдыга жылдырууга умтулгансыңар. Саламаттыкты сактоо жаатынын киши ыйлаарлык акыбалы – бул биздин республиканын акыркы 30 жылда таланып-тонолуусунун жыйынтыгы! Жада калса фармацевтикалык бизнес көптөгөн саясатчыларга жана алардын туугандарына таандык экени жашыруун эмес! Саясатчылар – өкмөттүн кечээги мүчөлөрү жана мурдагы эл өкүлдөрү, Кыргызстандын белгилүү персоналары, өздөрүн кайрылуулары жана билдирүүлөрү аркылуу бийликке оппозиция катары көрсөткүсү келгендер – эмнеге араңарда бириңер да элдин муктаждыгын беш жыл мурда чечүүгө аракеттенбеди, жок дегенде пандемия башталганда? Кимдир бирөөңөр коронавирус эпидемиясына чейин ооруканаларга жардам берди беле? кимдир бирөөңөр медициналык жабдыктарды алып келгенби? Азыр бийликти сындоо керек! Мени таң калтырган бир нерсе – бул сынды ким айтып жатат жана аны кантип айтууда. Алар мурдагы эле эски тааныш жүздөр, айтылып жүргөндөй элита, жылдап парламентте жана өкмөттө отургандар. Мындай “сынчылар” үчүн ар бир президент жана өкмөт башчы кайсы бир убакка чейин гана жакшы, ошол президент жана өкмөт башчы кызмат менен “жем” берип турганда гана. А качан коррупция же башка бир начар иштери үчүн кызматтан алынганда дароо эле катуу кыйкырып оппозицияга жөнөшөт. Уурдады- жеди –  эми оппозицияга. 

Мамлекеттин башкаруу системасындагы маселе 1991-жылы эле башталган. Көйгөй-маселенин баары ошол жылдардан бери топтолуп келаткандар, чечилбегендер же шашпай чечилгендер. Жыйынтыгы мына. Эпидемия бир дарыгер парламенттин 120 депутатынан, өкмөттүн бардык мүчөлөрүнөн, бардык бейөкмөтчүлөрдөн жана жасалма патриоттордун коомдук кыймылынан кымбат жана пайдалуу экенин көрсөттү! Зарыл медициналык жабдыктары бар бир оорукана бардык ресторандардан, дүкөндөрдөн жана соода борборлорунан кымбат жана пайдалуу экенин билгизди! 
Акүйдүн учурдагы каршылаштары парламентте жана өкмөттө иштеп турган учурда,  бул “абдан акылдуу сынчылдар” жогорку маяна алышкан, салык төлөөчүлөрдүн эсебинен артыкчылыктарга ээ болушкан, өлкө башчысынын ар кандай аракеттерин кош колдоп колдошкон. 

Коронавирус эпидемиясы учурунда урматтуу баарын жана бардык нерсени сындаган сынчы мырзалар жана айымдар, андан көрө дарыгерлерге жана бейтаптарга жардам бергиле! Өзүңөрдү жана үй-бүлөңөрдү эчак эле дары-дармек, азык-түлүк менен айга жетчүдө    й камсыздап койгонсуңар. Элди да ойлогонго убакыт келди, жок дегенде азыраак. Анткени учурдагы оор кырдаалдын жаралышына силердин да күнөөңөр бар!

Медербек Корганбаев